Кыргызстанда 600дөн ашуун балада ВИЧ илдети бар. Алардын 382сине 2006-2007-жылдары ооруканаларда дарт жуккан. Бул тууралуу Республикалык СПИД бирикмеси "Азаттык" радиосуна билдирди.
Ноокат райондук жугуштуу дарттар ооруканасында жана Ош облустук балдар ооруканасында вирус жуккан балдар Ош, Жалал-Абад шаарларында, Сузак, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн райондорунда жашашат.
Балдарга ВИЧ жугуп калганына байланыштуу 2008-жылы Кылмыш кодексинин 117-беренеси (ВИЧ инфекциясын жуктуруу) боюнча 14 дарыгерге каршы кылмыш иши козголгон. Иш Жогорку Сотко чейин жеткен. Териштирүү беш жылга уланган. Алты дарыгер акталып, калгандары шарттуу түрдө 4 жылга кесилишкен. Анын эки айын алар тергөө абагында өткөрүшкөн.
Ооруканада балдарга ВИЧ илдетин ким, кандайча жуктурганы дагы эле так аныкталган жок.
Кылмышка тиешеси бар деп жоопко тартылган дарыгерлер жаза мөөнөтүн өтөп, айрымдары кайра ишин улантууда. Жабыркаган энелерге жана балдарга негизинен бейөкмөт уюмдар көмөк көрсөтөт. Онго жакын аялга өкмөт Ош шаарынан үй берген.
Кыргызстанда ВИЧ оорулуу адамдарга Глобалдык фонддун жардамынын алкагында дары-дармектер берилет. Бул каржылоо 2021-жылы токтойт.
ВИЧ илдети менен өлкө аймагында жети миңден ашуун адам каттоого алынган. Бул илдеттен 1657 киши каза тапкан.
"Азаттык" ооруканада дарыгерлердин шалаакылыгы менен илдет жугуп калган балдардын жана энелердин тагдыры тууралуу 14-ноябрда саат 21:30да ЭлТР аркылуу атайын берүү көрсөтөт. (SE)