Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:32

15-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


15-ноябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда жаан-чачын болот. Күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде карга айланышы мүмкүн. Тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, күндүз Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй жана Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз +4…9;

Баткен облусунда -1...+4, күндүз +7...12,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +2…12;

Ысык-Көл жана Нарын дубандарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +3... 8,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -17...-22, күндүз -4...-9.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Абанын табы түнкүсүн -1...-3, күндүз 6...8 градус болот.

XS
SM
MD
LG