Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Август, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:21

Иран президенти зилзала аймагына барды

Ирандын Керманшах провинциясы.
Ирандын Керманшах провинциясы.

Президент Хасан Роухани Ирандын жер титирөөдөн жапа чеккен Керманшах провинциясына 14-ноябрда барып, өкмөт жаратылыш кырсыгынан кийинки маселелерди кыска мөөнөттө чечиш үчүн колунан келишинче аракет кылаарын айтты. Эки күн мурдагы катуу жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 430 адамга жетип, 7 миңден ашык киши жарадар болгонун Ирандын мамлекеттик медиасы билдирди.

Ирактын түндүгүндөгү көбүнесе күрттөр байырлаган аймакта 7 киши каза тапканы, 530дан ашууну жаракат алганы кабарланды.

12-ноябрдын кечиндеги күчү 7,3 баллга жеткен зилзаланын очогу Ирактын Халабжа шаарынан түштүк-батышты көздөй 32 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жер титирөө Түркиядан Кувейтке чейинки аймактарда сезилген.

Иран-Ирак чегиндеги миңдеген жергиликтүү тургундар экинчи түндү да чатырларда өткөрүштү.

Ирандагы жер титирөөнүн кесепети

Жер титирөөдөн кийини Керманшах провинциясындагы кыйроолор.
1/15 Жер титирөөдөн кийини Керманшах провинциясындагы кыйроолор.
Кулаган имараттагы куткаруучулар.
2/15 Кулаган имараттагы куткаруучулар.
Биринчи термелүүдө коркуп калган адамдар үйлөрүнө кирбей көчөдө түнөштү.
3/15 Биринчи термелүүдө коркуп калган адамдар үйлөрүнө кирбей көчөдө түнөштү.
Чукул жардам берүү кызматынын жумушчулары. 
4/15 Чукул жардам берүү кызматынын жумушчулары. 
Кыйроолордон кийин аткан таң. 
5/15 Кыйроолордон кийин аткан таң. 
Куткаруучулар иштеп жатат. 
6/15 Куткаруучулар иштеп жатат. 
Биринчи термелүүдө көчөгө качып чыккан эл.
7/15 Биринчи термелүүдө көчөгө качып чыккан эл.
Зилзаланын кесепети.
8/15 Зилзаланын кесепети.
Керманшах провинциясындагы дарыгерлер жаракат алгандарга жардам көрсөтүүдө.
9/15 Керманшах провинциясындагы дарыгерлер жаракат алгандарга жардам көрсөтүүдө.
Силкинүүдө жаракат алган жакынынын жанында турган адам.
10/15 Силкинүүдө жаракат алган жакынынын жанында турган адам.
Жакынын жоготуп өкүрүп жаткан киши. Керманшах провинциясы.
11/15 Жакынын жоготуп өкүрүп жаткан киши. Керманшах провинциясы.
Керманшахтагы оорукана.
12/15 Керманшахтагы оорукана.
Керманшах провинциясынын Сарпол-э Захаб шаарындагы кыйраган имараттар.
13/15 Керманшах провинциясынын Сарпол-э Захаб шаарындагы кыйраган имараттар.
Урандылардын алдында калган машине. 
14/15 Урандылардын алдында калган машине. 
Кыйраган имараттар. 
15/15 Кыйраган имараттар. 
Артка
Алдыга

XS
SM
MD
LG