Ирак менен Ирандын чек арасында 12-ноябрда болгон жер титирөөдөн өлгөндөрдүн саны өсүп жатат. Иран маалымат каражаттарынын жазышынча, бул өлкөдө 450дөн ашык киши мерт болуп, жаракат алгандардын саны 7000ден ашкан. Зилзаладан эң көп Керманшах провинциясынын Сарпол-э-Захаб шаары кыйраган. Аймактын бийликтери жер титирөөдөн кыйраган имараттардын алдында дагы өлгөндөр болушу мүмкүн экенин билдирүүдө. Тегеран университетинин Сейсмология борборунун билдиришинче, зилзала 12-ноябрда 21:48де болгон. Күчү 7,3 баллга жеткен зилзаланын очогу Ирактын Халабжа шаарынан түштүк-батышты көздөй 32 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жер титирөө Түркиядан Кувейтке чейинки аймактарда сезилген.
Ирандагы жер титирөөнүн кесепети
1
Жер титирөөдөн кийини Керманшах провинциясындагы кыйроолор.
2
Кулаган имараттагы куткаруучулар.
3
Биринчи термелүүдө коркуп калган адамдар үйлөрүнө кирбей көчөдө түнөштү.
4
Чукул жардам берүү кызматынын жумушчулары.
5
Кыйроолордон кийин аткан таң.
6
Куткаруучулар иштеп жатат.
7
Биринчи термелүүдө көчөгө качып чыккан эл.
8
Зилзаланын кесепети.
9
Керманшах провинциясындагы дарыгерлер жаракат алгандарга жардам көрсөтүүдө.
10
Силкинүүдө жаракат алган жакынынын жанында турган адам.
11
Жакынын жоготуп өкүрүп жаткан киши. Керманшах провинциясы.
12
Керманшахтагы оорукана.
13
Керманшах провинциясынын Сарпол-э Захаб шаарындагы кыйраган имараттар.
14
Урандылардын алдында калган машине.
15
Кыйраган имараттар.