Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:44

Орусиянын RT телеканалы АКШда агент катары катталды


Телеканалдын башкы редактору Маргарита Симоньян.
Телеканалдын башкы редактору Маргарита Симоньян.

Орусия каржылаган RT ("Russia Today") телеканалы АКШда чет өлкөлүк пропаганданы чектөөнү көздөгөн он жылдык тарыхы бар мыйзамдын алкагында агент катары каттоодон өттү. Каналдын 10-ноябрда жөнөткөн арызын Кошмо Штаттардын Юстиция министрлиги 13-ноябрда кабыл алды.

"Өкмөткө жана коомго таасир тийгизиш үчүн чет өлкөлүк тараптардын атынан АКШда ким иш жүргүзүп жатканын америкалыктар билүүгө укуктуу", - деди АКШнын башкы прокурорунун жардамчысы Дана Боенте.

Телеканалдын башкы редактору Маргарита Симоньян Американын жаңы макамда катталуу талабын "басмырлоочу чечим" деп атаган. Аны улай Орусиянын Мамлекеттик Думасы Орусияда иш алып барган чет өлкөлүк медиа каражаттарын чектей турган жаңы чараларды иштеп чыгууга киришкен.

XS
SM
MD
LG