Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Британ премьери Орусияны айыптады


Британ премьери Тереза Мэй.
Британ премьери Тереза Мэй.

Британиянын премьер-министри "Орусиянын Батыш өлкөлөрүн бөлүп-жаруу аракети ишке ашпайт" деп билдирди. Тереза Мэй мындай сөзүн 13-ноябрда Лондондун лорд-мэринин банкетинде айтып, Орусиянын кийлигишүүсү Батыш мамлекеттеринин чогуу иш алып барышына түрткү бергенин кошумчалады. Ал Орусия Крымды аннексиялагандан кийин Донбасста согуш отун тутантканын, Европа өлкөлөрүнүн аба мейкиндигин бир нече ирет бузганын, шайлоолорго кийлигишип, хакердик чабуулдарды уюштурганын белгиледи:

"Орусия Батышта ажырым пайда кылуу жана биздин институттарга шек келтирүү максатында маалыматты куралга айландырып, мамлекеттик медиа каражаттарын жалган кабарларды жана бурмаланган сүрөттөрдү жасоого түртүп жатат. Орусияга айтарым өтө жөнөкөй: эмне кылып жатканыңарды билебиз. Ишке ашыра албайсыңар. Себеби силер биздин демократиянын күчүн көз жаздымда калтырып жатасыңар", - деди Тереза Мэй.

Расмий Кремл Батыш өлкөлөрүнүн шайлоолоруна кийлигишпегенин айтып, Украинанын чыгышындагы жаңжал боюнча Батыштын дооматтарын четке кагып келет.

Ноябрдын башында британ бийлиги Кремлдин Брексит референдумуна таасир тийгизген-тийгизбегенин иликтейт деген кабар тараган.

XS
SM
MD
LG