Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:28

HRW: Крым татарларына куугунтук күчөдү


Крым татар активисттеринин укугун коргоо боюнча Киевдеги акция. 13-сентябрь, 2017-жыл.

"Хьюман Райтс Вотч" укук коргоо уюму Крымда орус бийлиги жергиликтүү татарларды куугунтуктоону күчөткөнүн билдирди. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм 14-ноябрдагы баяндамасында Орусия аннексиялаган жарым аралда крым татарларын жактагандар, алардын ичинде журналисттер жана блоггерлер да опуза менен зомбулукка кабылып жатышканын белгиледи.

"Орус бийлиги 2014-жылдын башынан бери крым татарларын Орусиянын оккупациясына каршы ачык позициялары үчүн тынымсыз куугунтуктап келди. Ал саясий жактан активдүү крым татарларын экстремист жана террорист катары мүнөздөп, көбүн өлкөдөн чыгарды. Өлкөдө калгандары үчүн өз оюн айтса эч качан өзүн коопсуз сезбей тургандай шарт түздү", - деди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон.

"Хьюман Райтс Вотч" укук бузуу фактылары боюнча арыздарды бийлик өкүлдөрү жетиштүү карабай жатат деп кошумчалады. Крымдын жергиликтүү жетекчилиги жана Кремл эл аралык уюмдардын мындай билдирүүлөрүн четке кагып келет.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG