Улуттук банк 17-ноябрдан тарта 2000 сомдук номиналдагы нумизматикалык эстелик банкнотторун чыгарат. Бул акчанын дизайны башкалардан айырмаланып, тигинен (вертикалдык) жасалган.
Улуттук банктын сайтындагы кабарда айтылгандай, эстелик банкнота кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалынын түптөлүшүн, байыркыдан бүгүнкү күнгө чейинки калыптануу жолун чагылдырат жана заманбап коргоо элементтерин камтыйт, өзгөчө дизайнга ээ.
Анын алдыңкы бетинде Манас баатырдын ат минген элеси чагылдырылган. Андан тышкары, «Умай Эне» белгиси, боз үйдүн сүрөтү бар.
Арткы бетинде асман тиреген Хан-Теңири чокусу, Ысык-Көл жана учуп бараткан бүркүттүн элеси бар.
2000 сомдук акча Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты макамына ээ болот.
Кыргыз улуттук валютасы 20, 50, 100, 200, 500, 1000 жана 5000 сомдук кагаз жана 1,3, 5, 10 сомдук тыйын акча түрүндө чыгат.