Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:29

Орусия: чет өлкөлүк медианы агенттерге теңөө сунушталды


Орус парламентинин төмөнкү палатасынын төрага орун басары Петр Толстой.
Орус парламентинин төмөнкү палатасынын төрага орун басары Петр Толстой.

Орусиянын Мамлекеттик Думасында Юстиция министрлигине өлкөдө иш алып барган чет өлкөлүк маалымат каражаттарын чет өлкөлүк агенттерге теңөө мүмкүнчүлүгүн берүү боюнча сунуш айтылды. Бул тууралуу орус парламентинин төмөнкү палатасынын төрагасынын орун басары Петр Толстой "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзамга киргизиле турган жаңы өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Орусияда чет өлкөдө катталган, башка мамлекеттен каржыланган медиа уюмдар, керек болсо чет өлкөлүктөр катышкан орусиялык медиа-компаниялар да агент катары таанылышы мүмкүн. Бул категорияга кирген маалымат каражаттары өз материалдарына тиешелүү белги коюуга милдеттүү болот.

"Кайсы маалымат каражаттары чет өлкөлүк агент болуп катталаарын Юстиция министрлиги чечет. Каттоодон өтүүдөн баш тарткандар Орусияда иштөө мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт" , - деди Петр Толстой.

Жаңы өзгөртүүлөр Думанын 15-ноябрдагы жыйынында кабыл алынат деп күтүлүүдө. Орус депутаттары мындай чарага АКШнын Москва каржылаган RT (Russia Today) телеканалын чет өлкөлүк агент кылып каттоо талабы себеп болгонун билдиришүүдө. Бул канал Америкада чет өлкөлүк пропаганданы чектөөнү көздөгөн он жылдык тарыхы бар мыйзамдын алкагында агент катары каттоодон өткөнү 13-ноябрда белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG