Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:38

Футбол боюнча Азия кубогу: Кыргызстан Макаону утту


Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы. 30-август, 2016-жыл. Бишкек.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы. 30-август, 2016-жыл. Бишкек.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2019-жылдагы Азия кубогуна тандоо оюндарынын 5-айлампасында Макаодо конокто ойноп, талаа ээлерин 3:4 эсебинде утуп алды.

Кыргызстандын футбол федерациясы билдиргендей, оюн 14-ноябрда Макаонун "Olympic Complex Stadium" стадионунда өттү. Кыргызстанга тиешелүү голдорду Антон Землянухин (2), Виталий Люкс жана Мирлан Мурзаев киргизди.

2019-жылдагы АФК кубогунун тандоо оюндарында Кыргызстан А тобунда Индиянын, Мьянманын жана Макаонун командалары менен ойноп жатат. Беттештер 2018-жылдын 29-мартында аяктайт. Учурда Кыргызстан өз тайпасында жети упай менен экинчи катарда. 12 упай менен Индия курама командасы көч башында келатат. Бул жетишкендик менен индиялык оюнчулар мөөнөтүнөн мурда финалдык оюнга жолдомо алышкан. Экинчи жолдомо үчүн Кыргызстан менен Мьянма командасы таймашып жатышат. Учурда мьянмалыктарда төрт упай бар.

14-ноябрда 5-турда Мьянма менен Индиянын курама командалары беттешет. Макаонун оюнчуларында упай жок.

Тандоо оюндарынын акыркы айлампасында кыргыз футболчулары 2018-жылы 27-мартта Бишкекте индиялык футболчуларды кабыл алат. Бул күнү Мьянманын футболчулары өз жеринде тайпанын аутсайдери Макао командасы менен ойнойт. (ECh)

XS
SM
MD
LG