Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:28

Орусияда "Таблиги жамааттын" 69 мүчөсү кармалды


Орусиянын Жогорку Соту "Таблиги жамаатты" экстремисттик уюм деп таанып, анын өлкөдөгү ишмердигине тыюу салган. 

Орусиянын Москва облусунун аймагында "Таблиги жамаат" диний уюмунун 69 мүчөсү кармалды. Федералдык коопсуздук кызматы тартип коргоо органдары "Борбор Азиядан чыккандар" жетектеген түзүмдү колго түшүргөнүн билдирди. Алардын жанынан экстремисттик маанайдагы адабияттар табылган. Бирок кармалгандардын тек-жайы жана аларга тагылган айыптар боюнча так маалымат берилген жок.

Орусиянын Жогорку Соту "Таблиги жамаатты" экстремисттик уюм деп таанып, анын өлкөдөгү ишмердигине тыюу салган.

Былтыр жыл соңунда Орусиянын Москва шаарында "Таблиги жамааттын" жети мүчөсү кармалып, алардын алтоо кыргызстандык болуп чыккан.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG