Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Атамбаев: Жээнбеков да убагында бийликти өткөрүп беришин каалайм


Президент Алмазбек Атамбаев жаңы шайланган мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков да алты жылдан кийин бийликти өткөрүп берет деп ишенет. Бул тууралуу ал бүгүн “Ала-Арча” резиденциясында өтүп жаткан Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

Атамбаев алгачкы жолу мындай жыйынга эки президент катышып жатканын айтып, “Жээнбековго алты жылдан кийин дал ушундай бийлигин кийинки президентке өткөрүп беришин каалайм” деп белгиледи.

Өз сөзүндө президент 2017-жылга чейинки стратегия өзүн толугу менен актаганын белгиледи, бирок “анын айрым пункттарын аткарууга жетишүү мүмкүн эмес экенин алдын ала билгенбиз” деп кошумчалады.

“Бирок бул стратегия менен туруктуулукту камсыздай алдык. 2016-жылдагы референдум парламенттик демократияны өнүктүрүү боюнча чоң кадам болду” деген Атамбаев шайлоолор таза өтүп калганын, митингдер токтогонун белгиледи.

“Шайлоодон кийин бир гана Таласта митинг өттү, аны уюштурууга акча төлөнгөн деп угуп жатабыз” деди президент.

Бугүнкү жыйында Кыргызстандын 2018-2040-жылга чейинки өнүгүүсү боюнча "Таза коом-Жаңы доор" долбоору талкууланат.

Кыргызстандын алгачкы эки президенти ыңкылаптан кийин өлкөдөн качууга мажбур болушкан. 2011-жылы Алмазбек Атамбаев президент болуп алты жылга шайланган. 15-ноябрдагы шайлоодо уткан Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрда өтөт. (BkA)

XS
SM
MD
LG