Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов премьер-министр болуу жөнүндө ою жок экенин билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн "Ала-Арча" резиденциясында өтүп жаткан өлкөнүн туруктуу өнүгүү стратегиясын талкуулоо боюнча жыйында айтты.
Буга чейин айрым Интернет булактарында "жаңы президенттин тушунда Өмүркулов премьер-министрликти аркалайт" деген сөздөр чыккан. Бирок КСДП лидери аны четке кагып, муну азыркы өкмөт башчы Сапар Исаков менен "кагыштырууну каалагандардын ойлоп тапканы" деп сыпаттады.
Бүгүнкү жыйында Кыргызстандын 2018-2040-жылга чейинки өнүгүүсү боюнча "Таза коом-Жаңы доор" долбоору талкууланууда. Ага парламенттин жетекчилиги жана депутаттары, премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрү катышып жатышат. (SE\BkA)