Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:09

Орус парламенти ММК мыйзамына талаштуу өзгөртүүлөрдү киргизүүдө


Мамлекеттик Думанын 15-ноябрдагы отуруму.

Мыйзамга жаңы киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, өкмөт чет мамлекеттен каржыланган медиа уюмдарды “чет элдик агенттер” катары аныктоого мүмкүндүк алат.

Мамлекеттик Думанын депутаттары бүгүн бул сунушту үчүнчү окууда дээрлик бир добуштан жактырышты.

Ал эми жогорку палата- Федерация кеңеши жаңы мыйзамды 22-ноябрда караган жатат.

Думанын төрагасы Вячеслав Володиндин сөзүнө караганда, Орусиянын мыйзамы - Кошмо Штаттарда орусиялык журналисттер кабылган кысымга карата “симметриялык жооп”.

Ал эми Дума төрагасынын орун басары Пётр Толстой мыйзамдагы жаңы чаралар “Орусиядагы сөз эркиндигине эч таасир этпейт” деп билдирди. Анын айтымында, мыйзам чет элдик капиталдын эсебинен жарым -жартылай каржыланган орусиялык медиага да таасири тийбейт.

Мыйзамдын жаңы жоболору “Эркин Европа/Азаттык” радиосу, “Америка добушу” радиосу, СНН телеканалы, Германиянын “Дойче Велле” радиосу өңдүү эл аралык медиага тийиштүү болору күтүлүүдө.

"Эл аралык мунапыс" уюму Орусияда ММК мыйзамына киргизилип жаткан жаңы өзгөртүүлөрдү “басма сөз эркиндиги боюнча ансыз деле оор абалга олуттуу сокку уруу” катары сыпаттады.

Орусия болсо өзүнүн өкмөттүк RT телеканалы АКШда кысымга кабылганын билдирүүдө.

Бул телеканал 13-ноябрда АКШнын Юстиция министрлигинде "Чет элдик агенттерди каттоо" мыйзамынын негизинде кайра каттоодон өттү.

Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Хизер Нойерт мындай каттоо “жеке адам же уюм саясий ишмердик менен” алектенгенде талап кылынаарын белгилеген.

Америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, Орусиянын чет элдик агенттер боюнча мыйзамы АКШныкынан айрымаланат.

Кошмо Штаттарда ал мыйзам 1938-жылы өлкөдө нацисттик пропаганда жана дезинформация жайылабы деген коркунучтардан улам кабыл алынган. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG