Нарынга убактылуу көчүрүлүп келген памирлик кыргыздар орус жана англис тилдерин, компьютерде иштөөнү үйрөнө башташты. Бул тууралуу бүгүн Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү кабарлашты.
Ийримдер Нарын шаарындагы №86 кесиптик лицейдин базасында уюштурулду. Кыргызча окуткан мектептер үчүн мектепке чейинки даярдоо боюнча 480 сааттык программанын негизинде алар үчүн атайын программа иштелип чыккан.
Келген кыргыздарга беш сабактан Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев атындагы орто мектептин башталгыч класстарды окуткан мугалимдери сабак берүүдө. Алардын айтымында, окуучулардын көбү "Алиппени" жакшы окуп калышты. Каалоочулар орус, англис тилдерин жана компьютерди үйрөнүүдө.
Окуучулар жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша 18 жашка чейинки жана андан жогорку курактагылар болуп 2 тайпага бөлүнүп окутулууда.
Памирлик кыргыздар Нарынга өткөн айда келген. Бул арада алар облустук ооруканада ден соолугун текшертип, коомчулукка аралашууга аракет кылып жатышат. Бул үчүн атайын психологдор жана мугалимдер иш алып барууда.
Ооганстандан алты үй-бүлөдөн 33 кыргыз көчүрүлүп келген. (MiK)