Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:43

Иранда миңдеген адамдар үчүнчү ирет эшикте түнөштү


Ирандын батышындагы Сарпол-и-Захаб району. 15-ноябрь, 2017-жыл.

Иран-Ирак чек арасында 12-ноябрдын кечинде болгон күчтүү жер титирөөнүн айынан Иранда курман болгондор эң соңку расмий эсептерге караганда кеминде 530га жетти. Мындан сырткары, дагы 8000дей киши жарадар болду.

Зилзаладан үйлөрү кыйрап, аман калгандар тамак-ашка, сууга жана турмуш-тиричиликке керектүү башка нерселерге муктаж болуп турушат.

Жер титирөөдөн Ирандын аймагында 2000ге жакын кыштак бузулуп, алардын бир тобу түп-орду менен таш-талканы чыккан.

Маселен, Эзгеле деген шаарда, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиргендей, имараттардын 80% кыйраган.

Бир нече шаарчалар менен кыштактарда бийлик өкүлдөрү зилзаладан жабыркагандар үчүн чатыр лагерлерди уюштурушту.

12-ноябрда күчү 7,3 баллды түзгөн зилзаланын очогу Ирактын түндүк-чыгышындагы Халабжа шаарынан 30 чакырымдай түштүк-батышта болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG