Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:10

Орусия Юстиция министрлиги “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна эскертүү жөнөттү


Орусиянын Юстиция министрлигинин каттары “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус кызматына, борбордук Волга аймагын камтыган “Idel. Реалии” жаңылыктар кызматына, ошондой эле “Америка добушу” радиосу менен биргелешкен “Настоящее Время” теледолбооруна келди.

Ал каттарда бул маалымат кызматтарынын иши Орусиянын жаңы мыйзамына ылайык чектөөлөргө кабылышы мүмкүн экени эскертилген.

Мындай эскертүү каттары Орусиянын Думасы ЖМК мыйзамына талаштуу өзгөртүүлөрдү жактыруусуна тушташ келди. Жаңы өзгөртүүгө ылайык, өкмөт чет элден каржыланган медиа уюмдарды “чет элдик агенттер” катары аныктоого мүмкүндүк алат.

Мамлекеттик Думанын депутаттары 15-ноябрда бул сунушту үчүнчү - соңку окууда дээрлик бир добуштан жактырды. Федерация кеңеши аны 22-ноябрда караганы жатат.

"Эл аралык мунапыс" уюму Орусияда ЖМК мыйзамына киргизилип жаткан жаңы өзгөртүүлөрдү “басма сөз эркиндиги боюнча ансыз деле оор абалга урулган олуттуу сокку” катары сыпаттады.

Буга чейин орус бийлигинин расмий өкүлдөрү АКШда Орусия өкмөтү каржылаган RT телеканалынан "Чет элдик агенттер тууралуу" мыйзамга ылайык катталуу талап кылынгандыктан, алар да чет элдик медиага карата жооп иретинде чара көрүшү мүмкүн экенин айтышкан.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу болсо өз билдирүүсүндө “Орусиянын АКШдагы медиасы менен АКШнын Орусиядагы медиасынын абалы” кыйла айырмалана турганын белгиледи.

Билдирүүдө RT телеканалы менен “Спутник” агенттиги АКШда өз материалдарын ээн -эркин жайылтып жатканы, ал эми “Эркин Европа/Азаттык” радиосу “Орусияда анын берүүлөрүн таратуучу өнөктөштөрүн жоготкону, административдик кысымдан улам кабелдик түйүнгө чыга албай, радионун кабарчылары Орусияда кысым-басымга, атүгүл кол салууга кабылып келатканына” да көңүл бурулган. (UE)

XS
SM
MD
LG