Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

Мордовияда эки кыргызстандык мүрт кеткен жол кырсыгы иликтенүүдө


Орусиянын Мордовия Республикасында эки кыргызстандыктын өмүрүн алган жол кырсыгы иликтенип жатат.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришкендей, окуя 14-ноябрда түнкү саат он бирден өткөндө, Зубов-Полянск районунда болгон. Урал трассасындагы бул авариядан 23 жана 18 жаштагы кыргызстандык кыздар каза табышкан. Автоунаа айдоочусу да кыргызстандык экени аныкталды.

Элчилик сөөктөрдү Кыргызстанга жөнөтүү боюнча документтерди даярдоодо. Күч органдары авария себептерин иликтеп жатышат. (SE)

XS
SM
MD
LG