Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:34

Кыргызстанга инвестиция тартуунун жол картасы талкууланат


Оштогу телевизор чыгарган завод. (Архив)
Оштогу телевизор чыгарган завод. (Архив)

Бүгүн JIA бизнес-ассоциациясы Экономика министрлиги менен бирге Бишкекте инвестициянын жол картасын талкуулайт. Иш-чара BIF-2017 инвестициялык форумунун алкагында өтөт. Анда инвестиция тартуу ыкмалары, негизги жолдор, маселелер, бизнеске карата административдик тоскоолдуктар, инвестицияны ишке ашырууда жаралган маселелер көңүл борборунда болот.

Өкмөттүн маалыматына караганда, былтыр ЕАЭБге мүчө болгон мамлекеттерден Кыргызстанга тартылган инвестиция 40% түзгөн. Ал эми чет өлкөлүк түз инвестициялар 2015-жылга караганда 58,4% азайган.

Дүйнөлүк банктын Doing Business (Бизнес жүргүзүү) рейтингинде Кыргызстан өткөн жылы 75-орунда болсо, акыркы рейтинг боюнча 77-орунга түштү. (NT)

XS
SM
MD
LG