Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:58

«Жарандык платформа» шайлоодогу байкоолорунун жыйынтыгын чыгарат 


Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өткөн. Ага 11 талапкер катышкан.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өткөн. Ага 11 талапкер катышкан.

«Жарандык платформа» коомдук бирикмеси президенттик шайлоодогу байкоолорунун жыйынтыгын чыгарат.

Бишкектеги бүгүнкү талкууга Борбордук шайлоо комиссиясынын, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилери, президенттик шайлоодо ат салышкан талапкерлер, саясий партиялардын, жарандык коом жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, Жогорку Кеңеш депутаттары чакырылган. Анда шайлоонун жыйынтыктары жана шайлоо тутумун жакшыртуу маселеси талкууланат.

15-октябрдагы президенттик шайлоодо КСДП көрсөткөн Сооронбай Жээнбеков 54,22 пайыз добуш менен жеңишке жеткен. Анын инаугурациясы 24-ноябрда болот. Саясий жарышта экинчи болуп келген депутат Өмүрбек Бабановдун тарапкерлери добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмаланганын айтышкан. Бирок бийлик муну четке кагып, шайлоо калыс өттү деп билдирип келет. (NT)

XS
SM
MD
LG