АКШнын Калифорния штатындагы ок атуулардын курмандыктары беш кишиге жетти. Полиция 15-ноябрда кылмышкер Кевин Нилдин үйүнөн анын аялынын сөөгүн тапты.
Мылтык жана тапанчалар менен куралданган кылмышкер ар кайсы имараттарга, анын ичинде башталгыч класстардын мектебинде туш келди ок ачкан. Төрт адам жеринде каза тапкан. Эки баланы кошкондо он киши ар кандай жаракат алышты. Кылмышкерди полиция атып өлтүргөн. Анын кылмышка баруу себептери азырынча белгисиз, иликтөө жүрүп жатат.
Коңшулары буга чейин полицияга Кевин Нилдин курал алып жүргөнүнө тынчсызданып, укук коргоо органдарына даттанганы ачыкка чыкты.