Өзбекстан мусулмандар дин башкармалыгынын төрагасы, муфтий Усманхан Алимовдун буйругу менен диний окуу жайлардын алдында акы төлөнүүчү курстар ачылат.
Буйрукка ылайык, 1-декабрдан тартып жалпысынан 11 диний окуу жайда, анын ичинде орто кесиптик окуу жай макамы берилген 9 жана жогорку окуу жай макамы берилген 1 медреседе, ошондой эле 1 институт менен 1 университетте акы төлөнүүчү курстар ачылат. Анда каалоочулар Куранды жана араб тилин үйрөнүшөт. Алты айлык курстардын баасы 1 миллион сумду (123 АКШ доллары) түзөт.
Өзбекстандын азыркы мыйзамдарында жеке негизде диний окутуу өткөрүүгө тыюу салынган.