Линктер

шейшемби, 22-май, 2018 Бишкек убактысы 08:30

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада бет ачаaры боло турган китепти президенттин алдындагы “Ыйман” фонду басып чыгарган. Анда кытайлык кыргыздардан чыккан айтылуу манасчы Жусуп Мамайдын өмүр-таржымалы, чыгармачылыгы баяндалат. Китепти манасчынын чөбөрөсү Тургунаалы Жусуп Мамайтегин жазган.

Жусуп Мамай Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусуна караштуу Ак-Чий айылында 1918-жылы 4-майда туулган. 2014-жылы 1-июнда 96 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Манасчыга көзү өткөндөн кийин “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы берилген. Быйыл апрелде сыйлык Жусуп Мамайдын балдары Абдыгазы жана Мукаш Мамайга тапшырылган. (NT) ​

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG