Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Тажикстан: полигондогу аткылоодон үч үй зыян тартты


11-ноябрда Тажикстандын Шаартуз районунда полигондо машыгуу учурундагы аткылоодон үч үй зыянга учурады. Жергиликтүү бийлик район тургундарынын эч кимиси жабыркабаганын билдиргенин "Азаттыктын" тажик кызматы кабарлады.

Окуядан бир күн мурун «Харбмайдон» полигонунда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) «Майтарылгыс боордоштук-2017» машыгуулары башталган.

Турак-жайы зыян тарткан тургундардын айтымында, атылган октор дубалга, шыпка жана чатырларга тийген. Жергиликтүү бийлик чыгымдар төлөнөөрүн билдирген.

Тажикстан эгемендүүлүк алгандан бери аскерий машыгуулар маалында 11 жай тургун окко учкан.

XS
SM
MD
LG