17-ноябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -2...-7, күндүз 6...11;
Таласта түнкүсүн -4...-9, күндүз 6...11;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -3...+2, күндүз 8...13;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -5...-10, күндүз 1...6;
Нарында түнкүсүн -8...-13, күндүз 1...6;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22...-27, күндүз -5...-10;
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -3 …-5°, күндүзгү жогорку температурасы 8…10°.