Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:49

Кыргыз-казак мамилеси эл аралык жыйында талкууланып жатат


Кыргыз-казак чек арасы, 2017-жыл, 19-октябрь.
Кыргыз-казак чек арасы, 2017-жыл, 19-октябрь.

Алматы шаарында "Казакстан жана Кыргызстан. Ким күнөөлүү? Эмне кылыш керек?" деген темада эл аралык "тегерек үстөл" талкуусу өтүп жатат. 16-ноябрда Саясий изилдөө ассоциациясы уюштурган жыйынга Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын, Өзбекстандын жана Азербайжандын саясатчылары менен активисттери катышып жатышат. Кыргызстандан бул жыйынга Равшан Жээнбеков, Рита Карасартова, Клара Сооронкулова жана Адил Турдукулов барган.

Адистер эки өлкө ортосундагы чыңалган жагдайды жөнгө салуунун ар кандай жолдорун талкуулашууда. Анын ичинде маселени элдик дипломатия, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жана башка эл аралык нормалар боюнча чечүү тууралуу сунуштар айтылып жатат.

Талкууну уюштурган Саясий изилдөө ассоциациясы Астанада жайгашкан.

Казакстан 10-октябрдан бери Кыргызстан менен чек арасында текшерүүнү күчөткөн. Башында казак бийлиги муну Кыргызстандагы президенттик шайлоого байланыштырган. Кийинчерээк расмий Астана Кыргызстан ЕАЭБдин талаптарын бузуп жатканын айтып, мындан өз бюджети да зыян тартканын билдирип чыкты. Андан мурдараак президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын ички иштерине казак мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаевдин кийлигишип жатканын айтып, сынга алган. (SE)

XS
SM
MD
LG