Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:02

Түштүк африкалык ортомчулар Зимбабвеге барышты


Президент Роберт Мугабе.
Президент Роберт Мугабе.

Зимбабведе кырдаал чыңалган бойдон кала берүүдө. Кечээ аскерлер баш калаа Харарени өз көзөмөлүнө алып, муну президент Роберт Мугабенин айланасындагы “кылмышкерлерге” каршы операция деп аташкан. "Рейтердин" Зимбабведеги кабарчысы ал жердеги окуяларды “аскердик төңкөрүш” деп сыпаттаганы менен алар 93 жаштагы Мугабенин 37 жылдык башкаруусуна чекит коер-койбосу белгисиз экенин билдирди. Армия болсо мамлекеттик төңкөрүш болбогонун айтууда.

14-ноябрдын кечинде армия өкүлдөрү президентти резиденциясында кармап, эки жакка чыгуусун чектешкен. Андан тышкары бир топ жолдорду бөгөшкөн жана борбордук телевидениени басып алышкан.

Түштүк африкалык маалымат каражаттары кабарлашкандай, президент Жейкоб Зума жөнөткөн арачылар Харареге түндө барышты.

Алар бүгүн Мугабе жана өлкөнүн аскерий жетекчилиги менен жолугушмакчы.

XS
SM
MD
LG