Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:13

"5-каналдын" кабарчыларын милиция кармап кетти


Токмок шаарындагы Жугуштуу дарттар ооруканасына журналисттик иш менен барган "5-каналдын" кабарчылары менен операторун милиция кармап кетти. Алар азыр Токмок шаардык ички иштер бөлүмүндө экенин Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна билдирди. Алардын үстүнөн оорукана жетекчилиги даттанып, милицияга кайрылган.

Кабарчылар Канат Рыскулов, Юлия Кулешова жана оператор Кубанычбек Мамытов милицияга түшүндүрмө берип жатышат.

Канат Рыскулов "Азаттык" радиосуна билдиргендей, алар ооруканада оор абалда жаткан балдар тууралуу сюжет тартуу максатында барышкан. Бирок өзүн бейтапканада бөлүм башчы экенин айткан аял видеого тартууга уруксат берген эмес.

- Оорукананын сырткы көрүнүшүн тартып жаткан операторду түрткүлөп, камераны алууга аракет кылды. Аялдын бардык аракеттери камерага жазылып калды. Андан соң үч машинеде милиция кызматкерлери келип бизди алып кетишти,- деди Рыскулов. (SE)

XS
SM
MD
LG