Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Эрлан Абдылдаев Казакстандын ТИМ башчысына жооп кайтарды


Эрлан Абдылдаев.
Эрлан Абдылдаев.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев казак кесиптешинин айткандарына жооп берди.

«Кайрат Абдрахманов өзүнө өзү карама-каршы сүйлөп жатат. Эгер ал “дипломат катары башка мамлекеттин башчысынын айткандарына баа бере албайм” деп айтканы менен чекит койсо макул болот элек. Саясат талдоочунун пикирине таянганы, мейли ал белгилүү болсо да, саясий жактан туура эмес” деген билдирүү таратты бүгүн ТИМ башчысы.

Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин чек арадагы абал боюнча айткандарына комментарий берген.

Казакстандын маалымат каражаттары кабарлагандай, ал бүгүн Астанада журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, дипломат катары башка өлкөнүн башчысынын айткандарына баа бере албасын айткан. Бирок ошону менен катар "Кыргызстандын кызматы аяктап жаткан президентинин сөздөрү саясий жактан туура эмес жана эгемен мамлекеттин башчысынын макамына туура келбейт" деген.

Ошондой эле ал эки өлкө ортосунда мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча аракеттер улана берээрине ишенээрин айтып, "Кыргызстандын премьер-министринин Астана сапарында иштелип чыккан “жол картасына” кол коюуга өзгөчө көңүл буруу керек экенин” кошумчалаган.

Атамбаевдин билдирүүлөрүнө кечээ Казакстандын Сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаев да жооп кайтарып, "​Атамбаевдин Казакстанга ыплас асылуу менен коштолгон кезектеги туталанма сөзү чыныгы жакшы коңшулук мамилеге зыянын гана тийгизет" деген.

Казакстан 10-октябрдан бери Кыргызстан менен чек арасында текшерүүнү күчөткөн. Башында казак бийлиги муну Кыргызстандагы президенттик шайлоого байланыштырган. Кийинчерээк расмий Астана Кыргызстан ЕАЭБдин талаптарын бузуп жатканын айтып, мындан өз бюджети да зыян тартканын билдирип чыкты. Андан мурдараак президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын ички иштерине казак мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаевдин кийлигишип жатканын айтып, сынга алган.

Атамбаев 15-ноябрдагы сөзүндө кыргыз-казак чек арасындагы абалды “блокада” деп атап, Кыргызстан анын кесепеттерин көтөрө алаарын билдирген.

Ал туруктуу өнүгүү стратегиясын талкуулоо боюнча жыйында сүйлөгөн учурунда төмөнкүлөргө токтолгон:

- Чынында бир айдан бери Казакстандын жетекчилигинин өзүмбилемдиги үчүн биз башка өлкөлөрдөн, ЕАЭБден ажыратылган абалда турабыз. Блокада Кыргызстандын президенти “мыйзамдарды сыйлап, ички иштерибизге кийлигишпегиле” деп талап койгону үчүн гана жасалып жатат. Бизге башкалардын эрежесин таңуулоонун кереги жок. (RK)

XS
SM
MD
LG