Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 12:37

Токмок шаардык ички иштер башкармалыгы "5-каналдын" журналисттерин кечки саат бешке жакын бошотту. Бул тууралуу кабарчылардын бири Канат Рыскулов "Азаттык" радиосуна билдирди.

Алар 16-ноябрда түшкө жуук Токмок шаарындагы Жугуштуу дарттар ооруканасында жаткан балдардын абалын тасмага тартканы барышкан. Өзүнүн ооруканада бөлүм башчы экенин айткан аял видеого тартууга уруксат бербей, операторду түрткүлөп, видеокамераны алууга аракет кылган. Ортодо талаш чыгып, бейтапкана кызматкери милиция чакырган.

Милиционерлер кабарчылар Канат Рыскуловду, Юлия Кулешованы жана оператор Кубанычбек Мамытовду алып кетишкен. Ушундай окуя болгонун Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы да тастыктады.

5-каналдын журналисттери окуя боюнча милицияга түшүндүрмө берип, өздөрү да оорукана кызматкеринин үстүнөн милицияга арыз жазышты. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG