Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:14

Таласта камактагы активистти бошотуу талабы коюлду


Нааразылык акциясына чыккандар.
Нааразылык акциясына чыккандар.

Бүгүн Таласта 20дай жергиликтүү тургун облустук акимчиликтин алдына чогулуп, активист Шамбет Кубатбековду бошотууну талап кылды.

Аларды өкмөттүн облустагы өкүлүнүн милдетин аткарып жаткан Чолпон Төрөкулов кабыл алды. Акцияга чыккандар Кубатбеков Таластагы соңку митингдерге байланыштуу камалганын айтып, аны боштондукка чыгаруу боюнча талапты бийликке жеткирүүнү өтүнүштү.

Таластын Кара-Буура районунан келген тургундар мындай талап менен эки миң кишиден кол чогултканын айтышты.

Өкмөттүн өкүлү чогулгандарды сабырдуулукка чакырып, активисттин кармалышына митингдердин тиешеси жок экенин белгиледи.

"Активист Шамбет Кубатбековдун кармалышына Талас шаарындагы митингдердин тиешеси жок" деп кечээ Ички иштер министрлиги да билдирип, ал бюджеттин каражатын максатсыз колдонгон деген шек менен колго түшкөнүн маалымдаган.

ИИМдин билдирүүсүндө Кубатбеков Кылмыш кодексинин 308-беренеси ("Бюджет каражатын мыйзамсыз колдонуу") боюнча Транспорт министрлиги мурда ачкан кылмыш ишинин негизинде колго түшкөнү айтылат.

Мурдараак жарандык активисттер Кубатбековду Таластагы митингдерди уюштурганы үчүн милиция кармап кеткенин Интернеттеги социалдык тармактарда жазышкан.

Учурда Шамбет Кубатбеков Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында.

Талас шаарында 3-ноябрда нааразылык акциясы өткөн. Ага чыккандар таластыктардын дарегине президент Алмазбек Атамбаевдин айткан сын пикирине нааразы болуп, анын кечирим сурашын талап кылышкан. Президенттик аппарат кечирим суроого негиз жок экенин билдирген. "Митинг уюштурууга тиешеси бар" деген негиз менен үч активист УКМКга чакыртылган. (AlS)

XS
SM
MD
LG