Линктер

жума, 14-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 18:29

Кремлдин сынчысы Мальцев Евробиримдиктен башпаанек алганын билдирди


Орусиялык оппозициячыл саясатчы Вячеслав Мальцев.

Улутчул маанайдагы "Артподготовка" кыймылынын лидери, оппозициячыл саясатчы Вячеслав Мальцев Евробиримдиктен саясий башпаанек алганын билдирди.

Бул тууралуу ал "Current Time" телеканалына курган маегинде айтты. Ал быйыл жайында Орусиядан чыгып кетүүгө аргасыз болгонун, бир нече айдан кийин Евробиримдиктин курамындагы мамлекетте мыйзамдуу түрдө калууга документтерди алганын айтты.

15-ноябрда курган маегинде ал кайсы өлкөдөн башпаанек алганын айткан жок.

Өзүн улутчул жана анархист деп мүнөздөгөн Мальцевдин "Артподготовка" кыймылын Красноярск соту 26-октябрда "экстремисттик уюм" деп тааныган.

Мальцев 2004-2011-жылдар аралыгында үч жолу Саратов облустук думанын депутаты болуп шайланган. Ал Орусияда "революция" өтсө, өлкөдөгү 100 адамды ырайымсыз жол менен жазалагысы келээрин айткан.

Орус бийлиги анын билдирүүлөрүн иликтей баштаганда Мальцев июль айында өлкөдөн чыгып кеткен. Ага экстремисттик чакырыктар боюнча сыртынан айып тагылган. Анын ондогон тарапташтары 5-ноябрда Москвада жана башка шаарларда өткөн уруксатсыз митингдерге чыгышканы үчүн кармалышкан.

XS
SM
MD
LG