Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:52

Сот Матаевди мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарууну чечти


Казакстандын Журналисттер союзунун төрагасы Сейтказы Матаев.
Казакстандын Журналисттер союзунун төрагасы Сейтказы Матаев.

Алматы облусунун Капшагай райондук соту Казакстандын Журналисттер союзунун камактагы төрагасы Сейтказы Матаевдин доо арызын карап, аны мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. 16-ноябрда кабыл алынган бул чечим эгер прокурорлор каршы чыкпаса 15 күндө күчүнө кирет.

Былтыр октябрь айында Сейтказы Матаев "мамлекеттик каражатты мыйзамсыз пайдаланган" деген кине менен алты жылга эркинен ажыратылган. Анын уулу, КазТАГ маалымат агенттигинин жетекчиси Асет Матаев ушундай эле айып менен беш жылга кесилген. Ата-бала коюлган айыптарды моюндарына алышкан эмес.

16-ноябрда өткөн соттук угууда адвокаттар 63 жаштагы Сейтказы Матаевдин жаш курагын жана анын саламаттыгынын абалын эске алууну судьядан өтүнүштү.

Сейтказы Матаевдин жаза мөөнөтү мунапыс боюнча эки жыл, сегиз айга кыскарган. Казакстандын мыйзамдарына ылайык, оор кылмыштар боюнча соттолбогон, 63 жаштан өткөн жарандар жаза мөөнөтүнүн үчтөн бир бөлүгүн өтөгөн соң эркиндикке чыгуу боюнча сотко доо арыз менен кайрылса болот.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG