Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:16

Зимбабве: оппозиция президентти токтоосуз кызматтан кетүүгө чакырды


Зимбабвенин борбору Хараре шаары. 16-ноябрь, 2017-жыл.
Зимбабвенин борбору Хараре шаары. 16-ноябрь, 2017-жыл.

Зимбабвенин "Демократиялык кайра жаралуу" кыймылынын лидери Морган Цвангираи бейшембиде куралдуу күчтөрдүн төңкөрүшүнөн кийин өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн президент Роберт Мугабе токтоосуз кызматтан кетиши керек деп билдирди. Мугабе болсо Зимбабвенин мыйзамдуу башкаруучусу экенин кайталап жатат.

"Рейтер" агенттиги Зимбабвенин чалгын кызматтарындагы булактарга таянып маалымдагандай, президент Роберт Мугабе бийликти тынч жол менен өткөрүүгө жардам берүүнү каалаган католик чиркөөсүнүн диниятчысы Фиделис Муконоринин ортомчулугуна каршылыгын билдирүүдө.

15-ноябрда аскерлер баш калаа Харарени өз көзөмөлүнө алып, муну президенттин айланасындагы “кылмышкерлерге” каршы операция деп аташкан. Армия өкмөттүк имараттарга, парламентке, сотторго кетчү жолдорду оор техника менен бөгөп, мамлекеттик телевидениени басып алган.

Мугабе резиденциядан чыгарылбай кармалып турганы кабарланган. Армия бийликке Мугабенин жубайы, 52 жаштагы Грейс Мугабенин келишин каалабайт.

XS
SM
MD
LG