Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:49

Ысык-Көлдө чет элдиктерди тоноого шектүүлөр кармалды


Ысык-Көлдө уурулукка шектелип кармалгын эки жаран чет өлкөлүк туристтерди да тоногон деп айыпталууда. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын айтымында, жайкы сезондо Бишкектен барган эс алуучунун телефонун уурдаган деген шек менен жакында Нарын облусунун 20 жана 17 жаштагы эки тургуну кармалган. Күнөөсүн толук моюнуна алган эки шектүүдөн далил зат катары уюлдук телефон алынган.

Милициянын айтымында, ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында дагы беш факт аныкталып, ошол эле жарандар Орусиядан жана Казакстандан барган эс алуучулардын буюмдарын уурдаганы белгилүү болду. 26-июлдан 2-августка чейин алар жалпысынан 200 доллар, 478 миң теңге, 59 миң рубль, 27 миң сом, кымбат баалуу уюк телефон жана планшеттерди, документ, банк карталарын уурдашкан деп айтылууда.

Факт боюнча Ысык-Көл райондук милициясы кылмыш иш козгоду, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынды жана алардын башка да кылмыштарга тиешеси бар-жоктугу текшерилип жатат. (AsM)

XS
SM
MD
LG