Кызыл-Кыя шаарында дин кызматкерлери жана психологдор үй-бүлөнү бекемдөө чаралары боюнча жергиликтүү аялдарга сабак өтүп жатышат.
Муфтияттын басма сөз кызматы кабарлагандай, үй кожойкелерине түтүн булатуунун шарияттагы жол-жоболору, ажырашуунун алдын алуу жана балдарды тарбиялоо боюнча кеп-кеңештер айтылууда. Иш-чараны Баткен облустук казыятынын Кызыл-Кыядагы бөлүмү менен "Адеп башаты" коомдук фонду уюштурду.
Кызыл-Кыянын башкы имамы Мукадас ажы Кожониязов муну үй-бүлөдө ынтымакты бекемдөөдө аялдардын ролун жогорулатуу максатындагы иш деп түшүндүрдү.
Быйыл жарым жылда республика боюнча 4967 үй-бүлө ажырашкан. Бул өткөн жылдын ушул убактысына караганда 500гө көп. Мамлекеттик каттоо кызматы маалымдагандай, ажырашкандардын басымдуу бөлүгүн жаш үй-бүлөлөр түзөт.
Ал эми быйыл жарым жылда 20 миң түгөй баш кошсо, 2016-жылы үйлөнгөндөрдүн саны мындан 2100гө арбын болгон.
Адистер ажырашуунун көбөйүшүнө өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал, жумушсуздук, миграция жана кыздардын эрте турмушка чыгышы себеп болуп жатканын белгилеп келишет. (SE)