Чүйдүн Сокулук районунда курулуш плитасы кулаган үйдө жабыркагандардын дагы бири 16-ноябрда көз жумду. Эки киши оор абалда Бишкектеги №4 ооруканада жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
10-ноябрда райондун Новопавловка айылында чатырда курулуш жүрүп жатканда автокрандан бетон плита кулап түшкөн. Андан кошуна үйдөгү 26 жаштагы келин каза болгон. Жарадар болгон беш кишинин үчөөнүн абалы оор болчу.
Фактыга байланыштуу райондук милиция Кылмыш кодексинин 142-беренеси ("Эмгекти коргоо эрежелерин бузуу") жана 236-беренеси ("Сапатсыз курулуш") боюнча кылмыш ишин козгогон. Автокран айдоочусу кармалып, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камалган. (SE)