Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Кулаган бетон жаш өмүрдү жалмады


Бетон кулаган үй.
Бетон кулаган үй.

Курулуштагы калпыстыктан улам Сокулук районунда бир адам мерт болуп, беш киши жабыркады. 10-ноябрда жаңы салынып жаткан турак үйгө коюлган курулуш плитасы кулап түшкөн.

Кырсык болгон күнү Амантаевдердин үй-бүлөсү чоң энесин туулган күнү менен куттукташ үчүн чогулган. Бул үйдүн 26 жаштагы келини Наргиза эч нерседен капарсыз конок тосуп жүргөн эле.

Бул үйдүн чатырына кечки саат жети чамасында курулушу жүрүп жаткан кошуна үйдөгү автокрандан бетон плита кулап түшкөн. Андан туулган күнүн белгилеп жаткан аял, дагы төрт адам жабыркап, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилди. Ал эми оор жараат алган келин ошол жерде көз жумган.

Наргизанын жолдошу Аскат Амантаев менен чогуу түтүн булатып жатканына үч жыл болгон. Алар наристе жытын искей элек болчу. Каргашалуу окуяны Аскат көзүнө жаш алып айтып берди. Бетон Аскат коңшу бөлмөгө телефон менен сүйлөшүүгө чыгып кеткен учурда кулаган.

- Бири-бирибизди сүйчүбүз, жылдызыбыз келишчү. Эч качан урушкан эмеспиз. Жаман сөз да айтчу эмеспиз.

Окуя болгон жерге кошуналар чогулуп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары келгенге чейин эле өз алдынча жардам берүүгө аракеттенишкен. Жаракат алгандарды сыртка алып чыккандардын бири Бакай Жолдошев Наргизанын сөөгүн урандылардын алдынан крандын жардамы менен гана алып чыгышканын айтты.

- Наргизаны издеп таппай калдык. Бетон столдо отургандардын арасынан Наргизаны басып калган экен. Байкуш бүктөлгөн бойдон полдун алдына кирип кетиптир. Өз күчүбүз менен чыгара албай койдук. Кран менен бетондорду чукулап отуруп, араң алып чыктык.

Курулуштагы кырсыктан жаш келин көз жумду
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:00 0:00

Туулган күнгө Амантаевдердин үй-бүлөсү түгөл чогулмак. Аскаттын агасы Данияр Амантаев жумушунан кеч чыгып, кечеге кечигип калган. Ал курулушчулардын шалаакылыгынан, коопсуздук эрежелерин сактабагандыгынан келининен айрылып калганына сыздап отурат.

- Кулап түшкөн бетон үбөлөнүп турат. Толук кургатышкан эмес экен. Ушундай да болобу? Шаарда курулуштун көбөйгөнүнө күбө болуп жатабыз. Алардын сапатын текшеришсе жакшы болмок. Бул баарына сабак болушу керек. Дагы да өлүмдөр болушу мүмкүн. Коңшулар деле кийин келип жашашат да. Алардын үстүнө кулап, каза болуп калышы толук мүмкүн болчу да.

Курулуш жүрүп жаткан үйдүн ээлери Орусияда эмгектенет. Учурда Данияр Амантаев сотко кайрылып, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылып жүргөн кези.

- Коопсуздук эрежелери сакталышы керек да. Кантип үйдүн үстүнөн бетонду алып өтсүн? Жок дегенде эскертип коюшса чыгып турат элеr го. Иним келинчегинен айрылды. Эмне кылам, кантип жашайм деп ыйлап турат. Курулушта иштеп жаткандарды милиция алып кеткен. Бүгүн санкция берилет дейт. Сот коё берип жибербесе экен деп отурабыз. Адилеттүүлүк болушу керек да.

Данияр Амантаевдин айтымында, ал учурда Техникалык жана экологиялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга кайрылып, алардын жообун күтүп жатат.

Курулуштагы коопсуздук боюнча маселе өкмөттүн жыл башындагы жыйынында каралып, бул жааттагы коррупция тууралуу сөз болгон.

Учурда Бишкек шаарында 300гө жакын ири имараттардын курулушу жүрүп жатат. Алардын көпчүлүгү көп кабаттуу батир үйлөр. Курулушта кырсыктар буга чейин да көп эле катталган. 23-октябрда “Авангард стиль” курулуш компаниясы салып жаткан имараттын экинчи кабатынын монолити кулаган эле. Андан 12 киши жабыркап, экөө оор абалда реанимацияга түшкөн. Кийинчерээк алардын абалы жакшы экени айтылган.

Ураган имараттын ээси үн ката элек
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:58 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекзат Бектурган

    Бекзат Бектурган  "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.  

XS
SM
MD
LG