Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Кыйраган имарат: прокуратуранын жүйөсү


Бишкектин Октябрь райондук прокуратурасы курулуш имаратындагы ондон ашуун киши жабыркаган кырсык боюнча Экотехинспекциянын жана "Авангард стиль" компаниясынын айрым кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын архитектура жана курулушту көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлерине жана “Авангард стиль” курулуш компаниясынын жооптуу адамдарына иш Кылмыш кодексинин 304- (кызмат абалынан кыянат пайдалануу), 315- (кызматтык жасалмалуулук) жана 221-беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктардан аша чабуусу) боюнча козголду. Башкы прокуратуранын расмий өкүлү Алманбет Абдраманов:

- Экотехинспекциянын айыпталып жаткан кызматкерлери "Авангард стиль" компаниясы Бишкектин Аалы Токомбаев жана Сухэ Батор көчөсүнүн кесилишинде куруп жаткан он төрт кабаттуу үйдүн курулушуна көзөмөл жүргүзбөгөнү аныкталган. Эреже бузуу менен курулуш иштерин жүргүзүүнүн жана мамлекеттик архитектуралык көзөмөлдүн жоктугунун натыйжасында курулуш урап түшкөн, - деди.

Бишкектеги курулуш.
Бишкектеги курулуш.

Башкы көзөмөл органынын маалыматы боюнча кырсыктан кийин Экотехинспекциянын кызматкерлери өздөрүнүн мыйзамсыз иштерин жаап-жашыруу максатында "Авангард стиль" компаниясынын айрым кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, 2017-жылдын май-август айларында аткарылган иштер тууралуу жалган документ даярдап, каттатышкан. Ачылган кылмыш иштин негизинде аталган жагдайлар тергелүүдө.

“Авангард стиль” кайсы кызматкерлерине кандай кине коюлганы тууралуу маалымат бере элек.

"Авангард стиль" кардары көп, курулушу сапаттуу саналган ири компаниялардын бири катары таанымал. Бул компанияга байланышкан окуя коомчулукту имараттарды куруу тармагы көзөмөлсүз калды деген сындарды күчөттү. Башкача айтканда, курулушка байланыштуу көзөмөл органдарында маселе жең ичинен чечилет деп пикир айткандар арбыды.

Алардын бири мурдагы вице-премьер министр Базарбай Мамбетов мындай дейт:

- Курулуп жаткан көп кабат үйлөрдүн 60-70% ушундай кемчилик менен салынып жатат. Булардын максаты - батирлерди батыраак куруп сатуу. Көзөмөл органдарына барып акча менен эле маселени чечип алышат. Айрыкча курулушта кабат үйдүн сөөгү болгон арматуралардын ширетилишин текшерген киши жок.

Ал эми Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жогоруда айтылган сындарды четке какты.

Мекеменин басма сөз катчысы Анара Мамбеталива “Авангард стиль” компаниясындагы кырсык боюнча комиссия түзүлүп, иликтеп жатканын маалымдады.

- Бизге “Авангард стиль” болобу же башка курулуш компаниялары болобу, айырмасы жок. Баары текшерилет. Ал эми инспекторлор курулуштардан акча алат экен же жең ичинен сүйлөшүп алып, текшерүүгө албайт экен деген сөздөрдү эл арасына ишти анча түшүнбөгөндөр таратышы мүмкүн. Текшерүүлөр комплекстүү жүргүзүлөт. Бир канча башкармалыктын катышуусунда өтөт. Бир инспектор барып текшерип кете албайт.

“Авангард стиль” курулуш компаниясы салып жаткан көп кабаттуу үйдүн кошумча имараты 23-октябрда кулап, андан 12 киши жабыркап, экөө оор абалда реанимацияга түшкөн. Команиянын сайтындагы маалыматка ылайык, “Авангард стиль” 50 көп кабаттуу, 10 коммерциялык имарат, 15 социалдык, маданий мекеме жана көпүрөлөрдү курган.

Ураган имараттын ээси үн ката элек
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:58 0:00

Учурда Бишкек шаарында 300гө жакын ири имараттардын курулушу жүрүп жатат. Алардын көпчүлүгү көп кабаттуу батир үйлөр. Буга чейин курулуш кырсыктарынан адам өлүмү менен аяктаган окуялар катталып, бирок анын жыйынтыгында жоопко тартылгандар тууралуу маалымат жок.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG