Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:14

Курулуш сапатына доо кетирген жагдайлар


“Авангард стиль” компаниясы куруп жаткан имарат.
“Авангард стиль” компаниясы куруп жаткан имарат.

23-октябрда “Авангард стиль” компаниясы куруп жаткан имарат урап калгандан кийин Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн сапатын көзөмөлдөө маселеси кайрадан көтөрүлдү.

Кыймылсыз мүлк агенттиктеринин биринде иштеген Нургазы Жусубалиев курулуш сапаты батир тандоодогу негизги көрсөткүчтөрдүн бири экенин сурамжылоолор көргөздү дейт:

- Биз 200дөй кардар арасында сурамжылоо жүргүзгөнбүз. Алардын көпчүлүгү сапатка көңүл бурушарын белгилешти. Бирок ошол эле маалда жайгашкан жери, акчасы дагы чоң роль ойнойт. Себеби борбор жактан үйдүн квадрат метрин 800-1000 доллардан алсаң, чет жакта 500дөн аласың да.

Мамлекеттик архитектура тармагын көп жыл жетектеген Ишенбай Кадырбеков курулуштардын коопсуздугуна жана сапатына көзөмөл жетиштүү болбой жатат деп сындады. Анын пикиринде, салынып жаткан бийик имараттар катуу жер титирөөгө туруштук бере албайт:

- Туура куруп жатабы же жокпу деп көзөмөл кылган тармакты жок кылышты. Чүйдүн аймагын караган экотехинспекциянын 11 эле кызматкери бар. Бишкекте кичинелерин кошпогондо 280дей ири курулуш жүрүп жатат. Алардын эмне кылып жатканын эч ким билбейт. Пайдубалы кандай тургузулуп жатат, адистер жетиштүүбү? Айтор бул жагы коркунучтуу болуп калды.

Бишкекте салынып жаткан үйлөр.
Бишкекте салынып жаткан үйлөр.

Белгилүү курулуш компаниялардын биринин өкүлү Абил Керимбек уулу жогорудагы пикирге кошулбайт. Ал азыркы курулуштарга акыркы технология колдонулуп, сапаты бардык стандарттарга туура келет деп ишендирди:

- Мурдагы үйлөргө караганда азыркылардын коопсуздугу жогору деп айта алам. Мисалы, азыр үйдүн сөлөкөтү бүтүн курулат. Илгери өз-өзүнчө тургузулчу. Азыр мындай үйлөр сегиз балга туруштук берет. Балким техникалык ката кетирип, шалаакылык менен иштесе, сапатка доо кетет. Бирок азыр эң акыркы, жакшы технология менен эле салып жатабыз.

Техникалык жана экологиялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция салынып жаткан курулуштарды ырааттуу текшерип турарына ишендирүүдө. Ал эми 23-октябрдагы “Авангард стиль” компаниясы куруп жаткан имарат урап калгандан кийин объекттерди текшерүү күчөтүлөрүн аталган мекеменин кызматкери Чолпон Мадияров билдирди:

- Бул кырсыктан кийин курулуш жүрүп жаткан объекттерди текшерип чыгабыз.

Ураган имараттын ээси үн ката элек
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:58 0:00

​Учурда Бишкек шаарында 300гө жакын ири имараттардын курулушу жүрүп жатат. Алардын көпчүлүгү көп кабаттуу батир үйлөр.

Жыл башында өкмөттүн курулуш жаатындагы коррупция боюнча жыйынында бул тармактын ишине комчулуктун ишеними эң төмөнкү деңгээлде экени айтылган.

Жаңы курулган кабаттуу үйлөр коопсузбу? (1-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:13 0:00
Түз линк
Жаңы курулган кабаттуу үйлөр коопсузбу? (2-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:30 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG