Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:52

Бүтпөгөн үйдүн кожоюну камакта калды


Нарынбек Сариев
Нарынбек Сариев

Бишкек шаардык соту “Иска строй” курулуш компаниясынын жетекчиси Нарынбек Сариевди эки айга тергөө абагына камоо боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Кылмышка шектүү жетекчи камакта отурганда үлүшчүлөрдүн талабы аткарылбайт деп эсептеп, үй камагына чыгууну каалап жатат.

Үлүшчүлөр: Сариевге ишеним жоголду

“Иска строй” компаниясынын үлүшчүсү Жанара Абылаева келишимге ылайык 2012-жылы эле үйдүн ачкычын алышы керек болчу. Ал үчүн үлүшчү 41 миң АКШ долларын компанияга төлөп койгон. Бирок арадан беш жыл өтсө дагы “Иска строй” компаниясы куруп жаткан Бишкектеги көп кабаттуу үй бүтө элек.

- Биздин үй Бишкектин Үмөталиев көчөсүндө жайгашкан. Азыркыга чейин эксплуатацияга бериле элек. Курулуп бүтө электе эле дубалынын шыбагы түшүп, тепкичтер урай баштады. Муздак сууну кошуна үйдүн трубасынан тартып келгенин билдик. Нарынбек Сариев качан болбосун "үй жакында курулуп бүтөт" деп келет, бирок биз ага ишенбей калдык.

Жанара Абылаевага окшоп жаңы үйгө кирет элек деп “Иска стройго” алдангандардын саны 600гө жетип отурат. Алардын ар бири 20 миң доллардан, 50 миң долларга чейин акчасын төлөп коюшкан. Нааразы болгон үлүшчүлөр прокуратурага арыз жазып, 3-октябрда Ленин райондук соту компаниянын директору Нарынбек Сариевди эки айга убактылуу тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

"Иска строй" компаниясынын курулушу токтогон үйлөрүнүн бири
"Иска строй" компаниясынын курулушу токтогон үйлөрүнүн бири

Директорсуз иш жылбайт

18-октябрда шаардык сот да Сариевди тергөө абагына камоо чечимин күчүндө калтырды. Нарынбек Сариев болсо ал камакта отурганда үлүшчүлөрдүн маселеси чечилбейт деп билдирди:

- Азыр мен жок курулуш токтоп, үйлөр салынбайт. Биз үлүшчүлөр менен сүйлөшкөнбүз. Айрымдары үйдүн акчасын толук бере элек. Жыйынтыгында мага 1 миллион 200 миң доллар карыз болуп калышты. Алар менен сүйлөшкөндө акчаны толук төлөөгө макул болушкан. Жыйынтыгында жарым жыл ичинде үйдү толук бүтүрүп койсок болот. Ошондуктан бардык документтерге өзүм кол коймоюнча иш башталбайт.

Прокуратура Нарынбек Сариевди үй камагына чыгарганда из жашырып кетет деп, анын үлүшчүлөрдүн маселесин чечип берерине ишенбей жатат.

Прокурор Алтынай Шаршееванын айтымына караганда, Сариевге оор беренелер боюнча кылмыш иши козголголгон:

- Нарынбек Сариевге Кылмыш кодексинин 166 (өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык) жана 335 (камакка алынган же болбосо конфискациялануучу мүлккө карата мыйзамсыз аракеттер) боюнча иш козголгон. Бул статьяларда он жылга чейин камакка алуу көрсөтүлгөн. Ошондуктан бул оор кылмыштардын катарына кирет. Андан сырткары көптөгөн жабырлануучулардын бирине да келтирилген зыян төлөнүп бериле элек. Органдар тарабынан тергөө иши жүрүп жаткандыктан, качып кетиши мүмкүн деген шек бар.

“Иска строй” компаниясы үлүшчүлөрдүн акчасына үч үй куруп жаткан. Алданган үлүшчүлөр “Иска стройдун” жетекчисинен тышкары анын жакын туугандарын да жоопкерчиликке тарттырууну көздөшүүдө. Үлүшчү Айсулуу Карабаеванын айтымында, айрым келишимдер Нарынбек Сариевдин баласы жана аялы аркылуу түзүлгөн.

- Нарынбек Сариевдин активдери, жерлери бар. Ошонун бардыгын сатууну талап кылабыз. Биздин курулушту башка компанияга өткөрүп берсин. Сариевдин мындан ары курулушту улантуусун каалабайбыз. Карызды активдерин сатып, кайтарып берсин. Биз үйдү өзүбүз сатып, өзүбүз бүтүрөбүз.

Алданган үлүшчүлөр
Алданган үлүшчүлөр

Камалса да, бошотсо да үлүшчүлөр утулат

Анткен менен Нарынбек Сариевдин адвокаты Кубанычбек Бакиев, үлүшчүлөр азыр кызуу кандуулукка алдырып жатканын айтууда. Алар “Иска стройдун” директору менен бир пикирге келмейинче үлүшчүлөр акчадан да, үйдөн да жок калуу коркунучу турат.

- Нарынбек Сариев компаниянын жалгыз гана директору. Компаниядагы калган кызматкерлер келишимдик негизде иштейт. Ал эми туугандарынын биринин да тиешеси жок. Азыр Сариевди камактан алып чыгып, курулушту баштаса жаңы жылга чейин бүтүрүп берем деп убада берүүдө. Ошондуктан азыр үлүшчүлөр менен бир пикирге келүү үчүн сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз.

Ушул жылдын 4-майында “Иска строй” компаниясынын бир үлүшчүсү Нарынбек Сариевге нааразылык билдирип, көп кабаттуу үйдөн өзүн таштоого аракет кылган. Суицидге барганы жаткан кызды башка үлүшчүлөр токтотуп калган.

Экономисттер 2016-жылдагы финансылык каатчылык курулуш тармагына зыянын тийгизип, жүздөгөн үлүшчүлөр сыртта калганын айтууда. Бүгүнкү күндө кризиске кабылып, курулушу токтоп калган компаниялардын арасында О.П.П.С, “Мастер групп”, “Архстройгрупп”, “Нур багыты” өңдүү фирмалар бар.

"Азаттыктын" архиви: Акча соргон жел тамдар. 19-май, 2017-жыл
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG