Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:05

Ош: үй алам деп алдангандардын арманы


"Алим-Курулуш" фирмасы курган "Ош-Ордо" турак жай комплекси.
"Алим-Курулуш" фирмасы курган "Ош-Ордо" турак жай комплекси.

​Ошто бөлүп төлөө шарты менен батир сатып алгандар корей ишкерлерине алданып калышканын айтып чыгышты. Тургундар акчасынан кутулуп бүткөн үйлөрдү кыргыз-корей биргелешкен “Алим-Курулуш” фирмасы банкка күрөөгө коюп, андан ары башкаларга сатып жиберген. Ишкананын өкүлдөрү талаштуу маселе сот аркылуу чечилерин билдирүүдө.

Урмат Эргешов да мындан эки жыл мурда “Ош-Ордо” турак жай комплексинен үй алып, алданып калгандардын бири. Ал үч бөлмөлүү үйүн бөлүп төлөө шарты менен сатып алып, келишкен 50 миң долларын курулуш компаниясына толук төлөгөн. Бирок ошого карабай ал үйүн өзүнө өткөрө албай келет:

- Мен үйдүн акчасын 2014-жылдын 31-майында толук төлөп бүткөм. “Алим-Курулуш” фирмасынын директору Вонг Сонг Пил документибизди үч күндүн ичинде бүтүрүп берерин айтты. Бирок үч күн өттү жок, бир апта, бир ай өттү жок, ошо бойдон алдап кетишти. Азыр үйдүн акчасын толук төлөп бүткөнүмө бир жылдан ашты, бирок үйдү документтештирип бербей жатышат. Анткени алар биздин үстүбүздөн үйлөрдү банкка күрөөгө коюп, акча алып койгон экен. Азыр банк каалаган мезгилде бизден үйдү тартып алып, сатып жиберишсе, эртең биз көчөдө калабыз. Корей ишкерлери ал тургай кээ бир батирлердин ээси турса да, башка бирөөлөргө сатып, шылуундук кылып кетишти.

"Ош-Ордо" турак жай комплексинде жалпы 90 батир бар. Алардын 66сы сатылган болсо, 32синин документтери бүтө элек.
"Ош-Ордо" турак жай комплексинде жалпы 90 батир бар. Алардын 66сы сатылган болсо, 32синин документтери бүтө элек.

Кыргыз-корей биргелешкен “Алим-Курулуш” фирмасы “Ош-Ордо” турак жай комплексине беш кабаттуу төрт үй курган. Анда жалпы 90 батир болсо, алардын 66сы сатылган. Бирок 66 батирдин 32синин кожоюндары акчасынан кутулса дагы ушу күнгө чейин үйлөрүнө толук ээлик кылыша элек, документтери жок. Жашоочулардын бири Урмат Эргешов кайрадан кепке кошулду:

- Үйдү алып-сатуу боюнча фирма менен биздин ортобузда келишим бар, акча төккөн эсеп дүмүрчөктөрүбүз да бар. Бирок алардын баарын кезинде нотариустан өткөрүп, мыйзамдаштырган эмес экенбиз. Биз аларды сотко бергенбиз, бирок тиги документтерди сотто эч кандай тоготпой жатышат. Биз эми антип документтерди бүткөрүүнү каяктан билдик? Оштогу футбол стадиондун алдында бакыйтып кеңсе ачып, кирсең бир жагында корей өзү отурса, мэриядагылар бул фирмага рекомендация берип жатса, ишеничтүү деп эле сатып алдык да. Бирок ишеничти актабай алдап кетишти. Биз акчадан да, үйдөн да жок отуруп калдык. Өкмөткө, Жогорку Кеңешке, Башкы прокуратурага арыз жазганбыз, андан эч кандай жыйынтык жок.

Маалым болгондой, учурда “Ош-Ордо” турак жайындагы үйлөрдүн 17си KICB банкында күрөөдө болсо, алардын 12си алдын ала келишимдер менен экинчи колго сатылып кеткен.

Ушул жагдайлардан улам “Алим-Курулуш” компаниясы Оштогу кеңсесин да жаап салган. Ал эми “Алим-Курулуш” ишканасынын директору Вонг Сонг Пил алты ай мурда мекени Түштүк Кореяга кетип калганы белгилүү болду. Вонг Сонг Пилдин кыргыз өнөктөштөрүнүн бири, анын котормочусу Залкар Боробаев жагдайга комменатрий берүүнү каалаган жок:

- Мен азыр эч кандай комментарий бере албайм. Мен эч нерсени да чече албайм. Азыр сот иши жүрүп жатат, акыркы бүтүмдү ошол сот чыгарат. Корейлер келеби, же келбейби, мен муну билбейм. Үйлөргө толугу менен Вонг Сонг Пил ээлик кылат. Келсе калган маселесин ал өзү чечет.

Бирок ишкер Залкар Боробаев бул үйдө өзү да жашайт экен. Атүгүл ал “Алим-Курулуш” компаниясынын 33% акциясына ээлик кылары да маалым болду. Документ жүзүндө Вонг Сонг Пилге 19% акция караштуу болсо, калган 48% фирманын бухгалтери Батыйна Маматованын атына жазылган экен. Бул арада "Большой Ай Ти Ко" аттуу дагы жаңы фирма түзүлө калып, "Алим-Курулуштун" мүлктөрү ошол ишканага өтүп кеткени тууралуу да маалыматтар чыкты.

Батыйна Маматова болсо алар соттон утуп чыгары менен эле жарандардын үйлөрүн төлөп беришерине ишендирди:

- Бул үйлөрдү курууга инвестиция салган кореялык төрт жаран өздөрү жумшаган акчаны кайтарып бербей койду деп Вонг Сонг Пилди сотко берип коюшкан. Анан ал үйлөрдү сатып берем десе, сатылбай туруп калды. Натыйжада сот биздин мүлктөргө арест салып койгон. Ошол себептүү биз жарандардын документтерин бүткөрүп, кутула албай, иш созулуп жатат. Эгер соттон утуп чыксак, соттук процесстер бүтсө, биз батирлерди жашоочуларга толук жол-жоболоштуруп беребиз.

"Алим-Курулуш" фирмасы курган "Ош-Ордо" турак жай комплекси.
"Алим-Курулуш" фирмасы курган "Ош-Ордо" турак жай комплекси.

Кеп болуп жаткан төрт кореялык ишкердин өкүлү Ким Ги Енг Кыргызстандагы кореялык жердеши Вонг Сонг Пилге 1 миллион 200 миң чамалуу долларын алдатып жиберип, ала албай жүргөнүн былтыр Бишкекте маалымат жыйынында айтып чыккан эле.

Ким Ги Енг карызын шеригинен толук өндүргөнгө чейин үйлөрдүн сатылышына жол бербей турганын да билдирген жайы бар:

- 2012-жылы жердешибиз Вон Сонг Пил Оштогу курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн инфраструктурасын бүтүрүүгө акча сурады. Бирок ал өз милдеттенмесин аткарган жок. Алган акчага батирлерди, курулуш техникаларын күрөөгө койгон эле. Бирок аларды сатып, акчасын өзү алып, качып кетип калган. Ошондон кийин сотко кайрылдык. Биринчи инстанцияда Вон Сонг Пил айтылган сумманын 500 миң долларын бизден алганын айтканына карабастан, Ош шаардык соту ага карата "акчаны төлөөгө милдеттүү эмес" деп чечим чыгарды. Андан кийин облустук сотко кайрылдык. Облустук сот бизге айтпай, жада калса адвокатыбызды чакырбай туруп алардын пайдасына чечим чыгарыптыр.

“Алим-Курулуш” фирмасы Ош шаарына 2008-жылы келген. Кыргыз-корей биргелешкен ишканасынын мурдагы директору Вон Енг Сок ошол учурда Ош калаасына көп кабаттуу 20 үй курарын убада кылган эле. Жалпы 620 батирлик турак жайларды курууга корей ишкерлери 80 млн доллар жумшарын билдиришкен.

Кезинде “Алим-Курулуш” фирмасы курган “Ош-Ордо” турак жайынан үй алууну Ош шаарынын мурдагы мэри Жумадыл Исаков да шаардыктарга үгүттөгөн жайы бар. Кийин экс-мэр Мелис Мырзакматовдун тушунда мэрия атүгүл мамлекеттик кызматкерлерге ушул үйлөрдөн ипотекалык шартта батир алып берүү иштерине да көмөктөшкөн эле.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG