Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:54

Ош: эски үйү бузулуп, жаңы үйгө жетпегендер


Оштогу Жалил Атамбаев салган үй.
Оштогу Жалил Атамбаев салган үй.

Ош шаарында жатакана ордуна үй курдурган 21 үй-бүлө көчөдө калуу коркунучуна кептелди.

Алар жаңы түшкөн курулуштагы батирдин айырмасын төлөй албай же эски, же жаңы батирден жок арабөк абалда турушат.

Көп кабаттуу турак жай салгандар болсо баары келишимге ылайык болгонун бетке кармашууда. Чыр коштогон бул курулуштун ээси Оштогу эң бай адам делген ишкер Жалил Атамбаев экени айтылууда.

Эски үйүн буздуруп, жаңы батир күткөндөр

Оштун Черемушка кичирайонунда жайгашкан №128 үй-бүлөлүк жатакананын тургундары “жаңы үй куруп берем” деген инвестор менен 2013-жылы келишим түзүшкөн. Өздөрүнүн батиринин көлөмүнө жараша жаңы түшкөн үйдөн 43 үй-бүлө батир алган. Бирок алардын 21и батирлердин кошумча акчасын төлөй албай калышты. Жашоочулардын бири Нурмажал Токтогулова арманын мындайча ортого салды:

Эски жатакана
Эски жатакана

- Биздин батирибиздин чарчы метри канча болсо жаңы үйдөн ошончо жерди бекер беришкен. Батирдин калганын чарчы метрин 400 доллардан төлөп сатып алмай болгонбуз. Ар ким шартына жараша ар кандай алган. Мен үлүшүмдөн ашыкча 12 миң доллар төлөшүм керек болгон. Бирок мен оорукчанмын, көп акча таба албайм, ошого бул акчаны төлөп бүтө албай калдым. Эми декабрь айынын аягында бизди батирден чыгарып салабыз деп атат. Мен кызым, неберелерим менен кайда барам? Башым маң.

Жашоочулар менен курулушчунун ортосундагы келишимде ашыкча төлөмдүн мөөнөтү эки жарым жыл деп гана көргөзүлүп калган. Анысы курулуш башталган күндөн тарта эсептелгендиктен, мөөнөт 31-декабрда акырына чыгат. Чөнтөгү жука тургундар эми ошол мөөнөттү узартып берүүнү талап кылышууда:

- Жалил Атамбаев деген бизнесмен келип, “мен силерге кепил болуп берем” деп сүйлөшүп кеткен. Баарыбыздын шартыбызды көрүп, “жардам берем, кыйналсаңар төлөө мөөнөтүңөрдү беш-жети жылга чейин узартам” деген. Ошон үчүн биз үйүбүздү буздурууга макул болгонбуз. Келишимин орусча жазып койгон экен, биз аны көп түшүнбөй эле кол коюп салыппыз. Көрсө алар бизди алдап, жылды такыр эле азайтып салышыптыр. Эптеп тиричилик кылган биздей адамдар эки жарым жылда ал акчаны төлөп бүтө албайт экен, аябай кыйналдык. Ортодо бир жарым жыл биз башка үйлөрдө өз акчабызга батирде жашадык. Эми “же аштан жок, же гөштөн жок” отуруп калдык. Ушундан көрө мурдагы эски үйүбүздө эле жата бергенибиз жакшы болмок экен,- дейт жашоочулардын бири Зиягүл Дооронбекова көзүндөгү жашын сүртүп.

Келишимди бетке кармаган ишкер

43 батирлүү жатакананын ордуна 180 батирлүү 10 кабаттуу үй курулган. Имаратты “ППА” курулуш фирмасы бүтүргөн. Бирок жашоочулар менен Мамасали Козуев аттуу ишкер жекече келишим түзгөн. Ал да курулуш компаниясынан жана башкалардан карыз экенин айтып, жашоочулардын өздөрүнө айып коюуда:

Мамасалы Козуев
Мамасалы Козуев

- Булар төлөө мөөнөтү кыска деп атышат. Биринчиден, азыр курулуш компанияларынын баары эле ушундай тартип менен үй сатат. Экинчиден, алар өздөрү баарына макул болушкан. Буларды мен мажбурлаган эмесмин. Анүстүнө мага да акчаны банк бекер берген эмес, карызым толтура. Курулуш компаниясына канча акчаны бере албай жүрөм. Цемент, арматура, кафелдин баарын карызга алып келгем. Мен да алардан кутулушум керекпи? Булар көчөдө калбайт. Же өздөрүнүн мурдагы жатаканасындай жатаканадан бөлмө алып берип киргизип коебуз, же ошол мурдагы батиринин чарчы метрине 450 доллардан төлөп берип кутулабыз.

Бул ишке шаардык күч кызматтары менен Ош шаардык мэриясы сырттан гана байкоо салып тургандай. Алар аралашмакчы болсо деле курулуш ээси баарын келишимиге шылтап кутулууда.

Атамбаевдин артынан ээрчиген кеп-сөз

Имараттын артында Оштогу эң бай ишкер деп саналган Жалил Атамбаев турат деп айтылганы да түрдүү кеп-сөздөрдү көбөйтүүдө.

Жатакананын жашоочуларынын укуктарын коргоп жаткан “Интербилим” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева буларга токтолду:

Эски жатакана
Эски жатакана

- “Жалил Атамбаев мыйзамсыз үй салып атканда мэрияга, прокуратурага жана ИИМдин аткаминерлерине “ооз жапты” кылып, бирден батир берип коет” деген эл арасында ушак сөз бар. Эгер бул сөз жалган болсо калаа жетекчилери, күч кызматтары Жалил Атамбаевге бир чара көрүшү керек да. Мэрия да, милиция да, прокуратура да унчукпай эле олтурат. Ош шаардык мэриясы ушул 21 үй-бүлөнүн укугун коргогонго алы жетпейби? Болбосо бул жерде юридикалык билими жок, карапайым адамдарды алдоо жолу менен келишим түзүлгөнү ачык эле көрүнүп турбайбы. Келишимде фирманын аты жок, жеке адамдын дареги жок, кыскасы эреже бузуулар толтура. Документалдуу түрдө алганда тургундар жаңы үйдөн өздөрүнө тийген үлүшкө да ээ эмес, анткени аларга эч кандай акт алынган эмес. Башкача айтканда Жалил Атамбаев буларды кыштын кыраан чилдесинде эшикке чыгарып салышы мүмкүн.

Черемушкадагы бул имарат салына баштаганда эле чыр менен башталган. Ал кезде жашоочулар менен курулушчулар биригип алып, ошо кездеги шаар мэри Мелис Мырзакматов “уруксат кагазы” үчүн алардан 10 үй талап кылып атканын айтып чыгышкан. Эми болсо эки тарап өздөрү тил табыша албай турушат.

Учурда 21 жашоочу курулуш ээсине 293 миң доллар карыз.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG