Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

Ошко инвесторлор дале кайта элек


Оштогу тополоңдо чет элдик инвесторлордун көпчүлүгү чыгып кеткен.
Оштогу тополоңдо чет элдик инвесторлордун көпчүлүгү чыгып кеткен.

Ош шаарында инвесторлор аркылуу иштеп келген элүү чакты биргелешкен ишкана июндагы коогалаңдан кийин жумушун токтотту. Кара-Суу базарында иштеген 1500 кытайлык соодагер да кайта элек. Талдоочулар бийлик чукул чараларды көрбөсө, аймак жакын арада экономикалык кризиске кабылаарын эскертишүүдө.

Ош шаардык эл аралык байланыштарды өнүктүрүү жана интвестиция тартуу комитетинин төрагасы Абдурашид Низамиевдин кабарлашынча, түштүк баш калаасында Кытайдын, Түркиянын, ошондой эле Европа өлкөлөрүнүн ондогон ишкерлери эмгектенип жатышкан. Бирок июндагы калабадан чочулап алардын көпчүлүгү өз Мекенине кайтууга аргасыз болушкан:

- Биздин шаарда элүүдөн ашык биргелешкен ишканалар, башкача айтканда чет элдик капиталдын негизинде түзүлгөн ишканалар иштеп турган. Тополоңдон кийин чет элдик өнөктөштөр кетип калып, азыр көпчүлүк ишканалар токтоп калды. Иштегени да толук кандуу иштей албай жатат, себеби инвесторлор, чет элдик адистери жок. Былтыр тогуз айда эле шаар экономикасына 12 млн. 870 миң доллар инвестиция түшсө, быйыл июнга чейин болсо бул сумманын 20-25 пайызы гана түшкөн.

Абдурашид Низамиев ырасташынча, үрккөн инвесторлордун бардыгы өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал биротоло турукташмайынча Кыргызстанга кайтып келээри күмөн.

Фергана өрөөнүндөгү эң ири Кара-Суу базарындагы орундарын таштаган кытайлык соодагерлер деле Ош жергесинде абал опурталдуу бойдон калып жаткандыгын белгилешүүдө. Бул туурасында маалымдаган эмгек жана миграция министри Айгүл Рыскулова төмөнкүлөрдү кошумчалады.

- Кара-Суу базарынан эле бир жарым миң кытайлык соодагер кетип калды. Кытай өкмөтү атайын учак жөнөтүп алып кеткен, азырга чейин алар кайта элек. Коопсуздук маселеси чечилмейинче кайра келиши кыйын го...

Ошентсе да, адистердин баамында, жергиликтүү бийликтин жардамы аркасында жана өздөрүнүн күчү менен инвесторлордун жана жумушчулардын коопсуздугун туруктуу камсыздап, ар кандай кыйынчылыктарга карабастан иштеп жаткан ишканалар дагы жок эмес. Алардын бири – Оштогу “Алим-Курулуш” жоопкерчилиги чектелген коому. Мекеменин менеджери Уларбек Токтогонов буларга токтолду:

- Азыр Түштүк Кореядан адистерибиз бар, андан тышкары жергиликтүү жүздөй куруучу иштеп жатат. Биз адистерибиз Кореяга кетип калбашы үчүн бар аракетибизди жасадык, албетте кетебиз дегендер болду. Биз кайтарууну, коопсуздукту сактоону күчөтүп, кармап калдык.

Ошто калган айрым инвесторлорго жолукканыбызда бир ооздон акыбал стабилдешип бараткандыгын айтышты. Мисалы, “Ош-Ордо” долбоорунун курулуш башкаруучусу Ен Гью Хан учурда аларды башка көйгөйлөр кабатыр кылып жаткандыгын билдирди:

- Коопсуздук кызматкерлери бизди жакшы карап жатат. Тополоңдон кийин жергиликтүү куруучулардын ишке келиши абдан кыйын болуп атты, коомдук транспорт жок дегендей... Эми Кыргызстанда чынында инвесторлорго кыйын, иштөө үчүн виза алуу да татаал. Маселен Түштүк Кореяда мындай процедура жеңил. Бул жерде болсо көптөгөн документтерди топтоого туура келет. Ушул маселени жеңилдетип койсо да болмок.

Ошол эле учурда жергиликтүү талдоочулар бийлик чукул чараларды көрбөсө, Ош аймагы жакын арада экономикалык кризиске кабылаарын эскертишүүдө:

- Биринчиден, мыйзам иштөөсү зарыл, экинчиден, саясий-экономикалык туруктуулук керек. Анан инвесторлордун капиталы кол тийгис жана коопсуздугу камсыз болуш керек. Ошондо гана инвесторлор бизге келип иштейт. Преиденттин алдындагы тарап кеткен Инвестициялык кеңешти кайра чакырып, конкреттүү милдеттерди коюш керек. Ансыз биз инвесторлорду тарта албайбыз, - деди көз карандысыз экономист жана серепчи Эркин Абдыразаков.

XS
SM
MD
LG