Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:38

Үйлөрдү буздурган алдамчылык


Ново-Павловка айылы
Ново-Павловка айылы

Сокулук районундагы Ново-Павловка айылындагы курулушу бүтө элек 29 үйдү белгисиз адамдар түн жамына бузуп кетишкен.

Жергиликтүүлөр муну жер тилкелерине буга чейин ээлик кылган Чынара Турушбековадан көрүшүүдө. Анткен менен Турушбекова бул окуяга тиешеси жоктугун айтууда. Анын ишендиришинче, конуш тургундары анын 34 гектар айдоо жерин мыйзамсыз түрдө басып алган.

Сокулуктун Ново-Павловка айылын жергиликтүү эл бейрасмий түрдө Ак-Ордо-3, Акыл-Ордо деп атап жүрүшөт. Конуш тургундары ызы-чуу түшүп, 9-апрелде болгон окуяны териштирип жатышат. Алардын маалыматы боюнча түнкү үчтөрдө белгисиз адамдар конуштагы курулушу толук бүтө элек 29 үйдү эксковатор менен сүздүрүп кеткен.

Талкаланган 29 үй

Жер саткандардын бири Элнура Алсеитова бул жосунду жер тилкелеринин мурдагы ээлеринин бири Чынара Турушбекова жасатты деп шектенүүдө.

- Түн ичинде келип үйлөрдү түрттүрүп кетишиптир. Буга чейин Турушбекова балдары менен келип үйлөрдү сүрдүрөм деп коркутуп жүрчү. Азыр бир тилкенин бештен ээси бар. Үйдүн пайдубалы турса да Турушбекова улам бир кишиге сата берген. Биз бул боюнча кайрылбаган жерибиз калган жок. Ушул күнгө чейин чечилбей ызы-чуудан башыбыз чыкпай келет.

Ал арада Сокулук милициясы мүлктү атайылап жок кылуу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, 29 үйдүн бузулушу боюнча тергөө иштерин баштады.

Деген менен бул талаштын төркүнү 2008-жылга барып такалат. Жеке ишкер Чынара Турушбекова (мурдагы фамилиясы Абыкулова – автор) 9 жыл мурда Нарынбек Баякунов аттуу жарандан 34 гектар айдоо жерин сатып алып, буудай эге баштайт. Турушбекова жер үлүшүн сатып алганы боюнча келишимди, менчик ээси экенин тастыктаган күбөлүгүн көрсөттү. Анын ырасташынча 2013-жылы буудуй эгилип турганына карабай Калый Зарлыков, Дамира Бердалиева аттуу жарандар жерди басып алып, тилкелерге бөлүп сатып жиберишкен.

- Мына мыйзамсыз үйлөрдү сүрдүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын чечими турат. Бул жерде 2016-жылы үйлөр мыйзамсыз курулуп жатканы жазылган. Электр мамылары мыйзамсыз тургузулган. Менин менчик ээси экенимди жашыл китебиме таянып аталган комиссия да тааныган. Бердалиева документтерди жасалмалап туруп, элди алдаган. Элде күнөө жок. Анткени алар Алсеитова, Бердалиева сыяктууларга алданып калган. Менде үйлөрүн түрттүрүп салайын деген ой жок. Мунун баарын шылуундар өздөрү жасашты. Алар үйлөрдү сүрүп салып, башкага сатышмак. Мен маселенин мыйзам чегинде чечилишин каалайм.

Ново-Павловка айылы
Ново-Павловка айылы

Зарлыков менен Бердалиеваны табууга мүмкүн болгон жок. Ошентсе да Зарлыковдон 11 жер тилкесин сатып алган Элнура Алсеитова жер ээлигин ырастаган документтери жок экенин, ишеним каттын негизинде гана соодалашканын мойнуна алды:

- Бизде болгону ишеним кат бар. Жерди алып атканда териштирген эмеспиз. Качан гана башкаларда да ишенип кат бар экенин укканда териштире баштадык. Прокуратурага барсак алардын да, биздин да ишеним каттар жасалма болуп чыкты.

Дагы бир конуш тургуну Самарбек Чекиров Дамира Бердалиевадан бир гектар жерди 11 миң долларга сатып алып, талаада калганын айтууда:

- Мен бир гектар жерди Бердалиевадан сатып алгам. Алып атканда бул жерлерге үй курууга болбой тургандыгын билген эмесмин. Айдоо жери экенин билгенимде алмак да эмесмин. Эми биз юрист эмеспиз. Жерлерди тилкеге бөлүп туугандарыма саткандан кийин гана курулуш курууга болбостугун билдим. Бизди бир эмес, беш-алты жолу алдап кетишти. Эми эмне кыларыбызды билбей турабыз. Туугандарым болсо мени тытмалап жатышат.

Колдон колго өткөн тилкелер

Айдоо жерлеринин мыйзамдуу ээсимин деген Чынара Турушбекова жер тилкелеринин колдон-колго өтүшүнө шылуундар менен сот, прокуратура, каттоо органдары жана жергиликтүү бийлик күнөөлүү деп эсептейт.

Анткен менен Сокулук милициясы эки жыл мурда Турушбековага алдамчылык, өзүмбилемдик беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, сотко өткөргөн. Бул тууралуу Сокулук милициясынын тергөө башкармалыгынын башчысы Эрик Шергазиев билдирди:

- Алдамчылык, өзүмбилемдик фактылары боюнча Турушбековага кылмыш иши козголгон. Тергөө иштери 2015-2016-жылдары жүргүзүлүп Сокулук райондук сотуна өткөрүп бергенбиз. Жерди сатып, акчанын баарын алган Турушбекова болгон. Азыр иш эмне болгонун билбейбиз.

Райсот болсо айыпталуучунун күнөөсүн далилдөөгө материал жетишсиз деген жүйө менен ишти кайра тергөөгө жөнөткөн. Турушбекова болсо ак жеринен күнөөлөнүп жатканын, менчик ээси экенин мыйзамдуу жол менен далилдерин айтып келет. Жергиликтүү тургундар болсо жер тилкелерин кызылдай акчага сатып алганын жүйө кармап, курулуштарды мыйзамдаштырууну талап кылууда.

Эгин талаасына үй кургандардын талашы
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:28 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG