Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

Айдоо жерге курулган үйлөр "табылды"


Бишкектин чет жакасындагы жер тилкесине ээ болуу кыймылынын өкүлдөрүнүнүн урааны. 2010-жылдын 11-апрели.
Бишкектин чет жакасындагы жер тилкесине ээ болуу кыймылынын өкүлдөрүнүнүн урааны. 2010-жылдын 11-апрели.

Башкы прокуратура Сокулук районундагы Ново-Павловка айыл өкмөтүнө караштуу миң гектарга чукул сугат жердин турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берилишине байланыштуу кылмыш ишин козгоду.

Ушул тапта өкмөт Башкы прокуратура менен биргеликте айдоо аянттарынын турак жай тургузуу максатында өзүм билемдик менен сатылган фактыларын иликтөөдө.

Кагаздагы айдоо жер - чындыгында жаңы конуш

Сокулук районунун Ново-Павловка айыл өкмөтүнө караштуу 400 гектардан ашуун сугат жерге тургузулган жаңы конуш азыр “Алтын ордо” деп аталат. Аталган жаңы конушта учурда 519 үй курулуп, дагы 852 пайдубал тургузулган. Мындан тышкары дагы 45 жер участогуна менчикке чыгарылганы тууралуу күбөлүк берилген.

“Алтын ордо” жаңы конушунун тургундары жерди кызыл китеби менен кошо, турак жай тургузуу уруксаты менен сатып алышканын “Азаттыкка” айтып беришти. Конуштагы Баян көчөсүнүн көчө башчысы Бактыгүл Алымкожоева “Алтын ордонун” алгачкы тургундарынан. Алар Бишкекке жакын жердеги жаңы конуштан жер участогу сатылат деген кулактандыруу менен барып, участок сатып алышкан:

- Жолдошум экөөбүз жарыядан окуп эле барып сатып алганбыз. Талаа болчу, бирок электр зымынын карагайлары тургузулуп калган экен. Кадимкидей мыйзамдуу, турак жай тургузууга уруксат берилген кызыл китеби менен алганбыз. 2010-жылы октябрда алып, 2011-жылы үйдү тургуздук. Ар бир үйдөн 5 миң сомдон чогултуп, шагыл төгүп, трактор апкелип сүрдүрүп, жолду өзүбүз курганбыз. Электр энергиясын да улам акча чогултуп атып, киргизгенбиз. Сууну болсо бир нече үй-бүлө биригип, жер алдынан чыгартып алганбыз. Ушинтип эле баарын бул жерде жашап жаткан тургундар өзүбүз чуркап эле жасап келе жатабыз.

Жаңы конуштан жер сатып алгандар үйлөрүн тургузуп баштаган учурда да, андан кийин деле эч ким келип, аларга жердин айыл чарба жери экенин, бул жерге турак-жай тургузуу мыйзамсыз болорун эскерткен эмес. Конуш тургундары бирок кийинчерээк электр энергиясын киргизүүдө, суу чыгарууда, көчө куруу жана башка инфраструктураларды орнотууга аракет кылышкан учурда, айрым тармактар бул жаңы конуштун айыл өкмөтүнүн, Сокулук районунун балансында жок экенин айтышкан. Бактыгүл Алымкожоева:

- Биз коңшу айылдын трансформаторунан электр энергиясын алып колдончубуз. Улам өчө берип кыйналган соң, бизге өзүнчө трансформатор коюуга уруксат берүүсүн өтүнүп, райондун акимине барганбыз. Барсак ал киши бизге ачык эле айтты: “Силердин конуш райондун балансында жок. Биздин баланста ал жер айдоо аянты деп турат. Талаа деп турган жерге мен кантип трансформатор тургузууга уруксат бере алам?” деп айтты. Бизге ага чейин деле “райондун да, айыл өкмөттүн да балансында жоксуңар” деген сөз көп эле айтылчу. Ошону чечип бергиле, турак жайыбызды мыйзамдаштырып бергиле деп барбаган жерибиз калган эмес. Айыл өкмөттөн тартып, акимчилик, Башкы прокуратура, Президенттик аппаратка чейин барганбыз. Арыздарыбызды алып калышат, бирок жооп жок.

Сот менен тергөөчү катышкан коррупциялык схема

Азырынча Башкы прокуратура Сокулук райондук ИИБнын тергөөчүсүнө Ново-Павловка айыл округунун башчысынын жерге байланыштуу арызы боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартканы үчүн, ошондой эле Сокулук райондук сотунун судьясына кылмыш ишин козгоду. Сот “Красная Заря” дыйкан чарбасынын төрагасы жана нотариусу менен чогуу мыйзамга туура келбеген 23 чечим чыгарган деп айыпталууда.

Ново-Павловка айыл өкмөтүнө караштуу сугат жерлердин мыйзамсыз сатылып жатканына нааразы болгон айыл тургундары да өздөрүнүн үлүш жерлеринен ажырап калбоо максатында бийлик бутактарына кайрылышкан. Бул маселе боюнча Жогорку Кеңеште атайын депутаттык комиссия түзүлүп, комиссияны “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Туратбек Мадылбеков жетектеген. Ал иликтөөнүн жүрүшүндө 900 гектардан ашуун сугат жерди мыйзамсыз трансформациялап, сатып жиберген коррупциялык схеманы аныктап чыгышканын “Азаттыкка” билдирди:

- Бул жерде аким, анын орун басарлары, мамлекеттик каттоо кызматынын, прокуратуранын кызматкерлери, тергөөчүлөр, айыл өкмөт, экотехинспекциянын, салык кызматкерлери, соттор, адвокат, нотариус жана дагы бир нече алдамчы шылуундар биригип, коррупциялык схеманы түзүшкөн. Алар ушул схема менен жеке адамдарга, мамлекетке тиешелүү айдоо аянттарын мыйзамсыз түрдө трансформациялап, оңбогон көп акчага марып, байышкан. Биздин комиссия иликтөөнүн жыйынтыгын Башкы прокуратурага бергенбиз.

Айдоо аянттарынын ордун элдүү пункттар ээлейт

1983-жылдан 2009-жылга чейин Кыргызстандын 33 районундагы 218 айыл аймагынын 13 478 гектар айдоо аянты турак-жай курууга берилип кеткен. Анын ичинен 11 784 гектары сугат жерлер. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн Агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы Алмаз Жээналиев “Азаттыкка” билдирди:

- Бул жерлерде 41 739 үй-бүлө жашап жатат. Биздин максат: 2009-жылы мораторий киргизилген мыйзамга өзгөртүү киргизип, өкмөткө ыйгарым укук берип, бул жерлерге тургузулуп калган үйлөрдү мыйзамдаштыруу. Ал эми айдоо аянттарын гектарлап алып туруп, аны 4-5 сотыхтан бөлүп саткандар да жок эмес. Азыр булар боюнча күч кызматтары иштеп жатышат, ал иштер тууралуу мен комментарий бере албайм. Бирок биз кылмыш-жаза кодексине да өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатабыз. Мыйзамдаштыруудан кийин да, өзүм билемдик менен айдоо аянттарын басып алуулар улана берсе, анда алар мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш.

2009-жылы 31-июлда айыл чарба жерлерин турак жай тургузууга трансформациялоого мораторий киргизилген. Мораторий учурунда өзүм билемдик менен мындай жерлерге тургузулган турак-жайларды мыйзамдаштыруу тууралуу азырынча сөз жок. Ново-Павловка айыл аймагына караштуу 900 гектардан ашуун сугат аянты да мораторий киргизилгенден кийинки учурда сатылып кеткен. Айрым маалыматтар боюнча, ушул тапта да кагаз жүзүндө айдоо аянты катары катталып, ал эми чыныгы иш жүзүндө мыйзамсыз турак-жай тургузулуп калган жерлер али көп.

Президент Алмазбек Атамбаев июль айынын аягында айыл чарба багытындагы жерлерди турак жай курууга трансформациялоого мораторийдин мөөнөтүн дагы узарткан мыйзамга кол койду. Бул аралыкта өздөрүн “Апрель баатырларыбыз” деп атаган топ мораторийди алып салууну талап кылып чыгышууда.

Кыргызстанда шайлоо, бийлик алмашуу же дагы башка ири саясий окуялар адатта Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарлардын четиндеги айыл чарба жерлерин үй салуу үчүн басып алуу аракеттери менен коштолуп келет. Шайлоо демекчи, буга чейин да айрым саясий партиялар "Турак жайыңарды мыйзамдаштырып беребиз! Ар бир үй-бүлөгө бирден үй!" деген ураандарды шайлоо алдындагы үгүт иштеринде пайдаланганы белгилүү. 2010-жылкы июнь коогасынан кийин да Ош шаарынын чет жакасындагы айдоо аянттарын үй куруу максатында басып алуу аракети болгон.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG