Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:18

Сарпашевдин агасы алган жер талашка түштү


Сүрөттүн окуяга тиешеси жок
Сүрөттүн окуяга тиешеси жок

Аламүдүн районунун тургуну Анара Кыдыралиева жоопкерчилиги чектелген коомго таандык 60 сотых жерди вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевден бир тууган агасынан ала албай убара.

Укук коргоо органдарынан түңүлгөн Анара Кыдыралиева арыздана элек президент эле калган экен. Ал “Жибек” деп аталган коммуналдык чарбаны жетектейт. Айтымында, ишкананын мурунку жетекчиси Урустам Жээнбеков “Жибектин” 60 сотых жерин вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин бир тууган агасы Апазбекке мыйзамсыз түрдө сатып жиберет.

- Жээнбеков айыл өкмөт башчысы болуп турганда биздин бир гектарга жакын жердин 60 сотыхын сатып жиберген. Ал жерде эки кабат имарат да бар. Калган имараттарды, мүлктөрдү өзүнө мыйзамсыз менчиктеп алды. Көрсө ал ишкана мөөрүнүн дубликатын жасатып алыптыр. Былтыртан бери соттошуп келебиз.

Кыдыралиева кошумчалагандай, Апазбек Сарпашев 11 жылдан бери эч кандай салык төлөгөн эмес. Мүлктүн баарын 50 миң сомго жетпеген каражатка алган жана каражаттар ишкананын казынасына түшкөн эмес.

Анткен менен ишкананын мурдагы жетекчиси Урустам Жээнбеков Кыдыралиеванын айткандарын жокко чыгарды. Анын ишендиришинче, 60 сотых жер мыйзам чегинде сатылган.

- Ал жер Сарпашевге ишкана кызматкерлеринин макулдугу менен сатылган. Баары мыйзамдуу. Бул жерде Тайырбек Сарпашевдин тиешеси жок. Анын агасы сатып алган да. Убагында кызматкерлердин баары кол коюп беришкен.

Анара Кыдыралиева бул маселе боюнча райондун прокуратурасына бир нече ирет кайрылган. Бирок эч кандай реакция болгон эмес. Анын жүйөсүндө, иштин тиешелүү органдар тарабынан териштирилбей жатышына Тайырбек Сарпашевдин таасири себеп.

- Бул кишини Сарпашев калкалап жатат окшойт. Бардык жерге кайрылдым, бир да майнап чыкпады. Ит бекерге алганы аз келгенсип, салык да төлөгөн эмес. Анда салык кызматы неге унчукпайт? Менимче Сарпашевдер Жээнбековго да жардам берип жатат.

Вице-премьер-министрдин агасы Апазбек Сарпашев “Азаттыкка” маегинде Кыдыралиеванын маалыматтарын жокко чыгарды.

Сарпашев: Талаш жерге менин да, инимдин да тиешеси жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:50 0:00

Ал эми вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин маалымат катчысы Мелис Эржигитов 14 жыл мурда болгон окуянын шайлоо алдында калкып чыгышын саясий оюн катары баалады. Ал жер талаштын артында Сарпашевдин саясий каршылаштары турат деген ойдо:

- Апазбек Сарпашев аталган жерди 2001-жылы мыйзамдуу түрдө эле сатып алган экен. Анара Кыдыралиева баш болуп ишкана кызматкерлери кол коюп беришкен. Эми бул шайлоо алдындагы эле оюн. Сарпашевдин оппоненттери азыр катуу иштеп жатышат. Алар шайлоого 3 ай калганда ушундай иштерди коомчулукка чыгарууга кызыкдар.

Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге таандык делген "Градиент" фирмасына байланыштуу буга чейин да чыр чыгып, ишкана утуп алган тендерлер кайрадан текшерилген. Сарпашевдин агасы сатып алган жер тилкесине учурда күйүүчү май сактаган кампалар коюлган.

XS
SM
MD
LG