Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:23

Курулуштагы өксүктү кулаган имарат көрсөттү


Ураган курулуш. 23-октябрь, 2017-ж
Ураган курулуш. 23-октябрь, 2017-ж

23-октябрда “Авангард стиль” компаниясы куруп жаткан имарат урап калып, кырсыкта жабыркаган эки курулушчу ооруканада дарыланууда.

Калган он чакты курулушчу дарыгерлердин кароосунан кийин үйлөрүнө коё берилди. Учурда курулуш инспекциясы иликтөө иштерин баштап, курулушту токтотту.

“Авангард стиль” курулуш компаниясы салып жаткан имараттын экинчи кабатынын монолити кулаган учурда шаардык травматологияга 12 адам кайрылган. Бишкек шаардык травматология жана ортопедия улуттук борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков “Азаттыкка” билдиргендей, алардын экөө оор абалда түшүп, реанимацияга жаткырылган.

- Калган бизге түшкөн адамдардын жаракаттары жеңил экен. Өздөрү басып келип, басып эле кетишти. Айрымдарынын эттери жанчылып, ооруп калган, чоюлгандары да бар экен. Текшергенден кийин эч кандай сыныктары жок экен. Аларды көргөндөн кийин эле үйлөрүнө жөнөттүк. Эми алар жашаган жеринен дарылана беришмекчи.

Ураган курулуш. 23-октябрь
Ураган курулуш. 23-октябрь

Жараат алган курулушчуларды ким ойлойт?

Ал эми абалы оор деп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандардын саламаттыгы да оңоло баштады. Алардын бири, акыреги сынган курулушчу Кайрат буларды айтты:

- Биз үстүндө болчубуз, бетон куюп жатканбыз. Бир маалда ылдыйды көздөй түшүп эле кеттим. Өзүм түшүнбөй калдым. Бул жактан бизди реанимацияга жаткырыптыр. Акырек сынып, колум чыгып кетиптир, сөөк дагы сыныптыр. Компаниядан эч ким деле келген жок. Эми дары-дармегин төлөп берет деген үмүт бар.

Компаниянын өкүлдөрү азырынча ооруканадагы курулушчулардан кабар ала элек экен.

Экотехинспекциянын билдиргенине караганда, компания жабыркаган курулушчуларга компенсация жана курулуш эрежелерин сактабаганы үчүн 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып төлөшү ыктымал.

"Авангард стиль" курулуш компаниясынан окуя боюнча расмий комментарий алуу мүмкүн боло элек. Компаниянын башкы кеңсесинен "тийиштүү кызматкер жок" деген жооп болду.

Экологиялык техникалык инспекциясы болсо курулушту толугу менен токтотту. Экотехинспекциянын башкармалыгынын башчысы Мелис Адиев эгерде компания курулушту жандандырууну кааласа, имарат сүрдүрүлүп, курулушту кайра башынан башташы керек болот:

- Бул объект кулап кеткенден кийин толугу менен демонтаж болушу керек. Кайрадан башынан баштап, долбоордун негизинде гана курулушту баштаса болот. Учурда курулуш токтоду. Иликтөө бүткөндөн кийин объект сүрдүрүлөт.

Ураган курулуш. 23-октябрь
Ураган курулуш. 23-октябрь

Жетекчибиз жок эле, жетекчибиз чоң эле

Ураган имаратты болсо кароолчулар катуу көзөмөлдөп, киши жолотпой жатышат. Факт боюнча кылмыш иши козголо элек. Мындай төрөпейил мамилени “Авангард стилдин” жетекчилигинин бийлик менен мамилесине байлагандар болууда.

Анткен менен Кыргызстандагы Курулушчулар союзунун төрагасы Аскар Молдобаев бул окуяны трагедияга айландыруунун кажети жок дейт.

- Бул эми курулушчулардын шалаакалыгынан болду. Балким тирөөчтү туура эмес койгон, балким бетонду тең калыпта жайган эмес, ошондой эле кран менен тирөөчтөргө тийип кетиши мүмкүн деген дагы версия бар. Ал үчүн иликтөөнү күтүш керек. Бирок мындай процесс курулуш жүрүп жатканда боло берет. Эгерде курулуш эксплуатацияга берилип, ошондо жашап жаткан үй урап калса, анда башка кеп болмок. Бул эми жаңы куюлуп жаткан цемент болуп жатпайбы. Андыктан эң негизгиси адам өлүмү болбогонго сүйүнөлү.

“Авангард стиль” компаниясы Кыргызстандагы сапаттуу турак жайларды курган ишкана катары таанымал. Ал 1998-жылы түптөлүп, бул аралыкта 75 ар кандай көп кабаттуу үйлөрдү салган.

Компанияны 2011-жылга чейин анын негиздөөчүсү саналган Калыкбек Султанов жетектеп келген. Ал 2011-жылы транспорт жана байланыш министри болуп дайындалгандан кийин компаниядагы ишмердигин өткөрүп берген. Быйылкы президенттик шайлоодо КСДПнын талапкери Сооронбай Жээнбековдун штабынын жетекчисинин биринчи орун басары болгон. Ага чейин президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG