Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:41

Орусия Сирияда химиялык чабуулдар боюнча иликтөөнү улантууга каршы чыкты


БУУнун Коопсуздук кеңешинин отуруму. 13-ноябрь, 2017-жыл.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин отуруму. 13-ноябрь, 2017-жыл.

Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде Москва АКШнын Сириядагы химиялык чабуулдарга ким жоопкер экенин аныктоо үстүндө иштеп жаткан топтун мандатын узартуу боюнча АКШнын сунушуна вето койду.

Бул Орусиянын Сирияда жарандык согуш тутанган 2011-жылдан бери БУУнун Коопсуздук кеңешинин бул өлкөгө байланыштуу резолюцияларына онунчу ирет вето коюшу.

Кошмо Штаттардын БУУдагы элчиси Никки Хейли Москванын ветосун ал өз өнөктөшү Сириянын бийлигин коргоп жатканынын ачык көрүнүшү катары баалады.

Франциянын элчиси Франсуа Делатр Орусиянын ветосун "химиялык куралдардын колдонулушуна тыюу салуу боюнча эл аралык аракеттерге сокку" деп атады.

Орусиянын элчиси Василий Небензя болсо Сириядагы химиялык чабуулдар боюнча иликтөө жүргүзүп жаткан топту “Батыш манипуляциялай ала турган куурчак сымал түзүм” деп мүнөздөдү.

“БУУнун биргелешкен иликтөө механизми” деп аталган топтун мандаты 16-ноябрда аяктады.

Анын мандатын дагы бир жылга узартуу боюнча АКШ даярдаган резолюция долбоорун Коопсуздук кеңешинин курамындагы 15 өлкөнүн 12си колдоду.

Орусия бул топтун Сирия өкмөтү 2014, 2015-жылдары кеминде эки чабуулда хлор газын, быйыл апрелде Хан Шейхун деген шаарчада 100дөй адамдын өмүрү кыйылган чабуулда зарин газын колдонду деген бүтүмдөрүн кескин сынга алган болчу.

Сирия өкмөтү болсо "химиялык курал колдонду" деген дооматтарды такай четке кагып келет.

Коопсуздук кеңешинде Москва да Сириядагы иликтөө механизмин кайра кароо боюнча өз резолюция долбоорун сунуш кылып, аны Орусиянын өзүнөн башка Казакстан, Боливия, Кытай гана колдоду.

Бул кайчы добуш берүүдөн кийин Жапония мындан аркы сүйлөшүүлөргө убакыт бериш үчүн иликтөө мөөнөтүн дагы бир айга узартып турууну караган резолюция долбоорун сунуш кылды.

Бул убактылуу чара качан добушка салынары азырынча белгисиз. (UE)

XS
SM
MD
LG