Бийликтеги ZANU-PF партиясынын лидерлери, маалыматтарга караганда, Роберт Мугабени президенттиктен четтетүү боюнча чечим даярдашууда.
Эгер ал ушул дем алыш күндөрү өз эрки менен кызматтан кетпесе, кийинки аптада президентке импичмент жарыялоого кадам ташталмакчы.
Партиянын жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн бири "Рейтер" агенттигине “эми артка кайтуу болбойт”, “эгер ал 19-ноябрда кызматтан алынбаса, 21-ноябрда импичмент жарыяланат" деп билдирген.
Мугабе менен анын кызматтан чегинүүсү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын 17-ноябрда Зимбабвенин армиясы да билдирди.
Ал арада өлкөнүн мурдагы вице-президенти Еммерсон Мнангава Зимбабвеге кайтып келген. Бул тууралуу анын кеңешчилеринин бири билдирди.
93 жаштагы Мугабенин ордун басат деп күтүлгөн Мнангава өткөн аптада кызматтан четтетилип, андан соң ушул аптанын башында аскерлер президенттин өзүн үй камагына олтургузуп, мамлекеттик телени ээлеп алышкан.
Мындай аскердик чара Мугабенин 52 жаштагы жубайы Грэйс Мугабе өлкөнүн кийинки президенти болуп калышына бөгөт коюу максатын көздөгөндөй.
Дүйнөнүн эң кары мамлекет башчы Роберт Мугабе Зимбабвени 1980-жылдан бери башкарып келет. (UE)